22:36 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
61 0 0

ФБР Россияда иштелип чыккан мобилдик тиркемелердин баары "контрчалгынчылык коркунучту" жаратышы ыктымал экенин билдирди. Мындай пикирдин айтылышына америкалык сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумердин кайрылуусу түрткү болду.

Бир нече ай мурун эле бул киши россиялык Wireless Lab тарабынан иштелип чыккан, айрыкча быйыл элге кеңири жайылган FaceApp фоторедактор тиркемеси боюнча тынчсыздануусун билдирген.

ФБР тиркеме менен чогултулган маалыматтардын түрүнө, пайдалануу макулдашуусу жана "Россиянын аймагындагы тийиштүү маалыматтарды алуу үчүн россиялык бийликтин колу жете турган мыйзамдуу механизмдерге" негизделип, ушундай бүтүмгө келген.

Албетте, пайдалануучулардын топтолгон жеке маалыматтары андан ары эч кимге (эч жакка) берилбегендиги, сүрөттөр көбүнесе "булутта" иштелип чыгары, алар 48 саат өткөндөн кийин өчүрүлүп салары боюнча компаниянын өкүлдөрүнүн антка тете билдирүүлөрүн америкалыктар этибарына да албайт. Алар орустарга ишенип жүрүшмөк беле...

Ошол эле убакта Кошмо Штаттар тарабынан жүргүзүлгөн, улам күч алып бараткан санарип жана интернет күрөштө россиялык "фронттун" артыкчылыгы аларга анчейин деле эмес. Айрыкча, алардын Кытайга жана Huawei ишканасына асылганына караганда Россиянын IT тармагына болгон чабуулу салыштырмалуу жеңилирээк.

Ал тургай француздар менен болгон кырдаал ушул тапта курч. АКШнын соода өкүлчүлүгүнүн эки-үч күн мурда жарыяланган билдирүүсүндө, "Париж америкалык санарип компанияларына карата басмырлоо саясатын жүргүзүүдө" деп айтылат.

Андай аракетке жооп катары Вашингтон 2,4 миллиард долларга чейинки көлөмдөгү француз товарларына 100 пайыз менен бажы төлөмдөрүн киргизиши мүмкүн. Жолтоо болчу жагдай — Франция парламенти ушул жайда кабыл алган мыйзам же Google үчүн салык.

Айтмакчы, ушундай эле иликтөө жасоо демилгесин америкалыктар Австрия, Италия жана Түркияга карата да демилге көтөрүштү. Франция бийлиги да жөн калбады. Экономика жана каржы министри америкалык санкциялардын долбоору акылга сыйбастыгын белгилеп, эгер алар киргизилсе Евробиримдик "күчтүү жообун" берерин билдирди.

Евробиримдиктин лидерлеринин бири болгон Париждин аталган союздун күчүн Вашингтон экөөнүн ортосунда жанданчудай болуп турган соода тиреште улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн пайдаланууга ниеттенгендиги көңүл бурдурбай койбойт. Маселен, Лиссабон, Братислава же Евробиримдиктин "экинчи эшелондогу" мүчөлөрүнүн борбор шаарлары Кошмо Штаттарга чакырык таштоого даай турган болсо, алар да ушундай коргоого таяна алышмак беле? Албетте, андай кадамга барары арсар.

Ошентсе да Европанын алдыңкы мамлекеттеринин АКШ менен IT өңдүү өзгөчө тармакта тирешүүсү абдан олуттуу кадам болуп саналат.

Интернет дайым Батыштын саясий эркиндик жана демократия, экономикалык натыйжалуулук жана өнүгүүнүн жетишкендиктери айкалышкан тутумунун негизги бөлүгүн ишке ашырып келген. Интернеттеги ар кыл чектөөлөргө дароо авторитаризм (ал тургай тоталитаризм) деп сын коюлуп, терең экономикалык жана технологиялык жактан артта калгандык катары мазакталчу. "Түндүккореялык интернеттин жыйырма сегиз сайты" боюнча тамашаларды уккан чыгарсыз. Азыр андай тамаша жок, себеби өз аймагындагы интернетти көз карандысыз кылууга бир топ, атүгүл "демократиялуу деп атыккан" өлкөлөр да киришти.

Дал ушул тапта адистер Ирандын жаңы тажрыйбасынын натыйжалуулугун, артыкчылык, кемчиликтерин калчап көрүп жатышат. Ал жактагы ноябрь айында өткөн башаламандыктар маалында бир жумага глобалдык түйүн өчүрүлгөн. Бийликтин эсебинде улуттук экономика 10,8 триллион риал (90 миллиондун терегеги) залал көргөн. Көнө түшкөн ресурстарды, анын ичинде мессенджерлерди колдоно албай калганы жарандарга жакпаган иш экени айтпаса да түшүнүктүү. Бирок өлкөнүн өтө керектүү кызматтары, банк, жергиликтүү сайттар иштеп турган.

Россия аймагындагы интернеттин (Рунет) көз карандысыздыгы тууралуу жаңылыктар да дээрлик күн сайын чыгууда. Дүйшөмбү күнү Владимир Путин жеке маалыматтарды сактоо талаптарын бузууга жазаны катаалдаштыруу жөнүндө жана сатыла турган гаджеттерге коюлчу жергиликтүү программалык камсыздоону милдеттүү түрдө орнотуу боюнча мыйзамдарга кол койду. "Россия интернетте обочолонууда" деген айыптоолорго жооп катары бул кадамдарын Кремль "антимонополиялык ишмердик" деп атады.

Түпкүлүгүндө бул америкалыктарга карата жооп. Анткени алар тигил же бул өлкөнүн мамлекеттик-саясий системасына жеке мамилесине жараша көз карандысыздык саясатын сынга алууну так кесе чектеп келишет.

Россиянын (Кытай менен Иранга карата да) дарегине негизинен демократиялуу эмес деген өңдүү саясий, ал эми француздарга экономикалык багыттагы айыптоолор жаңырат. Себеби (Дональд Трамп белгилегендей) алар "эң сонун америкалык технологиялык компаниялардын" изине түшкөн.

Москванын пикиринде, Россия четөлкөлүк ишканалар тарабынан таза эмес атаандаштыктан атамекендик технологиялык компанияларын коргоодон бөлөк кадамга барган жок.

Бул кырдаалда Кошмо Штаттардын бир убакта эки маселени чечүүгө дымагы көйгөй жаратууда. Биринчиден, глобалдык түйүндү тескөө тизгинин колдон чыгаргысы жок, экинчиден, четөлкөлүк атаандаштардын бул тутумдагы жогорулап бараткан күчүн алсыратууга ниеттенет. Кытайлык IT-гигант болобу же киберкоркунучтар же "натуура" чыгарылган көңүл ачуу тиркемесинен коргоо системасы боюнча россиялык иштеп чыгуучубу, аларга айырмасы жок.

Бул эки милдет бири-бирине каршы келет, таптакыр эки башка жолду талап кылат. Экөөнү бир алып кетүү, албетте, жалпы натыйжалуулугун төмөндөтөт. Ондогон багытты катар жүргүзсө, АКШнын күчтөрүн гана чачыратып, таптакыр тетири жыйынтык берет.

Кантсе да америкалык аймактагы интернеттин көз карандысыздыгынан чочулаштын кажети жок, андыктан океандын ары жагындагы бийликтин төш кага турган нерсеси бар.

Тема боюнча

Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг
Мамбетакунов: соцтармактагы коопсуздук боюнча көбүрөөк кеп боло баштады
Белгилер:
кремль, мыйзам, интернет, Россия, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ