АКШнын эл өкүлдөрү Трамптын импичменти боюнча докладды бекитти

© REUTERS / YURI GRIPASАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президентин ээрден оодара турган документ конгрессчилердин кароосунан 13 "макул" жана 9 "каршы" добуш менен өткөн. Бул жерде демократтардын тараза ташы басып кеткени айтылган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. АКШнын эл өкүлдөр палатасынын Чалгындоо комитети президент Дональд Трамптын импичменти боюнча даярдалган документти колдоого алды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Жыйынтыктын мындай болгондугун берилген добуштардан улам көрүүгө болот. Документ алардын кароосунан 13 "макул" жана 9 "каршы" добуш менен өткөн. Бул жерде демократтардын тараза ташы басып кеткени айтылган.

Забыл жену перед посадкой — очередной конфуз Трампа сняли на видео - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп тик учакка баратып жубайын унутуп калганда. Видео
Импичментти кароо эми соттук иштер боюнча комитетке жөнөтүлөт да, документтин негизинде Трампка карата конкреттүү күнөөлөөлөрдүн тизмеги түзүлөт.

Анын чыккан жыйынтыгы менен тагылган күнөөнү эл өкүлдөрүнүн жалпы жыйынына алып чыгып иш сенатка өтөт. Ал жерде азыркы президенттин партиялаштары — республикачылар отурат.

Буга чейин демократтар конгрессте Трамптын импичменти боюнча иликтеген жыйынтык документти элге алып чыккан. Анда азыркы президентти АКШдагы боло турчу шайлоого Украина бийлигин тартуу, кызыктыруу боюнча аракет кылган деген пикирлер айтылган.

Ак үйдүн маалымат катчысы Стефани Гришэм демократтардын бул докладында Трамптын мыйзамсыз аракеттери боюнча эч кандай далилдер камтылган эмес деген пикирин айткан.

Вице-президент Майк Пенс бул кадамды уят эле иш деп атаган.

Трамптын импичменти

Конгресстеги демократтар Трампка импичмент жарыялоо туурасында демилге көтөрүп, аракетин баштаган. Оппоненттер Ак үйдүн азыркы ээсин шайлоодогу мурунку саясий аттандашы — Жо Байденди каралоо үчүн чет мамлекеттен жардам сураган деп күнөөлөгөн. Ал эми Трамптын өзү муну танып, четке кагууда.

Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин телефондон сүйлөшүүсү да чоң чырдын башы болгон. Ал гезит-журналдарга чыгып кеткенден кийин Чалгын кызматынын өкүлү муну кооптуу деп белгилеп, жетекчисине кат жөнөткөн.

Америка президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп импичмент анын шайлоодо жеңишине жардам бере тургандыгын айтты
Алгач телефондон эмне деп сүйлөшкөнү элге жайылып, андан соң жазылган арыз чыккан. Стенограмма Трамп Зеленскийди Украинанын мурдагы башкы прокурору Виктор Шокиндин кызматтан кетүүсү боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранганын тастыктаган. Шокин Burisma Group деп аталган компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген. Ишкананын директорлор кеңешине АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден кирген.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский анын телефондон сүйлөшүүсү жогоруда айтылган таризде болгон эмес деп билдирген.

АКШнын Конституциясына ылайык, импичменттин процедурасында палатанын өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын Конгресстин жогорку палатасы — сенат карайт.

Эгерде аны күнөөлөө эл өкүлдөр палатасы тарабынан бекитилип калса, сенатка берилет. Алар мамлекет башчысынын тагдырын чечкен акыркы чечимди чыгарат. Учурда палатада демократтардын өкүлдөрү көп, ал эми сенатта республикачылар арбын.

Жаңылыктар түрмөгү
0