Кытай жаңы сим-карта алгандардын жүзүн сканерлөөгө өттү

© AFP / PHILIP FONGТелефон кармап турган адам. Архив
Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кытай жарандары сим-карта сатып алууда аты-жөнү жазылган документин сөзсүз  көрсөтүшчү. Эми ага дагы бир талап кошулду.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кытайдын бийлиги уюлдук операторлорду жаңы сим-карта сатып алган адамдардын жүзүн сканерлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Өнөр жай жана маалымат министрлигине шилтеме берип жазды.

Жаңы талап 1-декабрдан тарта күчүнө кирди. Буга чейин сим-карта сатып алууда жарандар сөзсүз түрдө ким экендиги жазылган документтерин көрсөтүшчү. Эми ар бир жаңы кардар жүзүн сканерлетүүгө милдеттүү.

Бийликтен билдиришкендей, мындай ыкма жарандардын кибер коопсуздугун камсыздайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0