ВИЧтин кайсы жол менен көп жугары айтылды

© AFP / FAROOQ NAEEMВИЧке анализ алып жаткан лаборатория кызматкери. Архив
ВИЧке анализ алып жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда да ВИЧ маселеси көңүл бура турган жагдайлардан, себеби саны улам өсүүдө. 2019-жылдын 1-ноябрына карата аталган илдет менен 9516 киши катталган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. ВИЧти көбүнчө гетеросексуалдык жол менен жуктуруп алышат. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Директор республиканского центра СПИД Умут Чокморова  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Чокморова: жаштар туш келди жыныстык катнашка барып СПИДге чалдыгууда
Эксперттер 2019-жылы аталган илдетти жуктуруп алды деген жалпы сандын 58,9 пайызы ушул жол менен болгондугун, ал эми 39 пайызы баңги заттарын колдонгону үчүн оорунун кылтагына түшкөнү кабарланган. Тобокелдиги бар топторго гомосексуалдык байланышта (2,5 пайыз) жүргөндөр кирери аныкталган.

10 айдын аралыгында ВИЧти жугузуп алган 66 жаңы учур катталып, бул былтыркыга салыштырмалуу 8 пайызга аз деп билдиришкен. Россияда мындай дарт менен миллиондон ашуун адам жашай тургандыгы, алардын 37 пайызы аялдар, 63 пайызы эркектер экендиги айтылды.

"ВИЧ инфекциясы боюнча Россиянын Кемеров, Иркутск, Челябинск, Свердлов,Томск, Оренбург жана Тюмень облустарында абал жакшы эмес", — деп айтылган маалыматта.

Кыргызстанда да бул маселе көңүл бура турган жагдайлардан, себеби улам өсүүдө. Аталган илдет менен 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 киши катталган. Алардын 36 пайызы аялдар, эркектер 64 пайызды түзөт. Эпидемия башталгандан тарта инфекциядан 2013 киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0