18:58 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Сотрудники судебно-медицинской экспертизы и полицейские на месте нападения с ножом на Лондонском мосту, Великобритания, 30 ноября 2019 год

Биз жасаганбыз. "Ислам мамлекети" Лондондогу жарылууну уюштурганын айтты

© REUTERS / HENRY NICHOLLS
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
10502

Көпүрөдөн кишилерге бычак менен кол салган жаран 28 жаштагы Усман Хан аттуу адам болгон. Ал 2012-жылы кесилип, бирок 2018-жылы декабрда мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу Лондон шаарында жасалып, эки кишинин өмүрүн алган терактыны мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме кылып жазды.

"Ислам мамлекети" уюму Лондондогу кол салууну алардын согушкерлеринин бири уюштургандыгын жар салды", — деп билдирген агенттик.

Эске салсак, жума күнү түштөн кийин Лондон шаарында бычак менен кол салуудан бир нече киши жаракат алып, эки киши каза болгон. Кол салган кишини террорчу катары аталган калаанын полициясынын атайын даярдыктагы аскери атып өлтүргөн.

Көпүрөдөн кишилерге бычак менен кол салган жаран 28 жаштагы Усман Хан экенин полиция маалымдады. Ал 2012-жылы кесилип, бирок 2018-жылы декабрда мөөнөтүнөн мурда бошотулганы кабарланган.

Тема боюнча

Лондон көпүрөсүндө киши элге бычак менен кол салды. Видео
Белгилер:
теракт, өлүм, кол салуу, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Лондон, Улуу Британия

ЭҢ МААНИЛҮҮ