Наполеондун өтүгү Париждеги аукциондо 117 миң еврого сатылды

© AFP / Christophe ARCHAMBAULTАукционный дом Drouot в Париже
Аукционный дом Drouot в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Француз тарыхчыларынын маалыматы боюнча, Наполеон 40 размердеги кара булгаары өтүктү убагында 80 франкка сатып алган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Франциянын императору Наполеон Бонапарттын өтүгү Париждеги аукциондо сатылды. Бул тууралуу Drouot аукцион үйү Twitter баракчасына жарыялады. 

© AFP / Christophe ARCHAMBAULTФранциянын императору Наполеон Бонапарттын өтүгү Париждеги аукциондо сатылды.
Наполеондун өтүгү Париждеги аукциондо 117 миң еврого сатылды - Sputnik Кыргызстан
Франциянын императору Наполеон Бонапарттын өтүгү Париждеги аукциондо сатылды.
"Наполеондун белгилүү өтүгү 117 миң 208 еврого сатылды", — деп айтылат маалыматта.

​Француз тарыхчыларынын маалыматы боюнча, Наполеон 40 размердеги кара булгаары өтүктү Ыйык Елена аралында сүргүндө жүргөн кезинде өмүрүнүн аягына чейин кийген. Ал 1821-жылы каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча, бул өтүктү император 80 франкка сатып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0