Албаниянын коргоо министри жер титирөөдөн өлгөндөр тууралуу айтып жатып жашып кетти

© REUTERS / FLORION GOGAПоследствия сильного землетрясения в Албании
Последствия сильного землетрясения в Албании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-ноябрда Албанияда магнитудасы 6,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, зилзаладан 32 киши өмүрү менен кош айтышкан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Албаниянын коргоо министри Олта Жачка 26-ноябрда болгон жер титирөөдөн каза болгондор жөнүндө айтып жатып көзүнө жаш алды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Министр каза болгондордун тизмесин окуп жатып, бул өмүрүндөгү эң оор доклад болгонун айтты.

​"Биз кыйраган имараттарды калыбына келтиребиз. Бирок 26-ноябрдагы зилзаладан каза болгон жарандардын өмүрүн кайтара албайбыз", — деди ал.

26-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында катталган зилзаладан Авжылар районундагы Хожа Ахмет мечитинин бир мунарасы урап калган - Sputnik Кыргызстан
Түркияда жер титиреп, мечиттин мунарасы урап калды. Видео
Министр өзүн колго алып докладын аягына чейин чыгарды.

Белгилей кетсек, 26-ноябрда Албанияда магнитудасы 6,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, зилзаладан 32 киши өмүрү менен кош айтышкан. Ошондой эле 658 киши ар кандай жаракаттарды алган. Куткаруучулар урандылардын алдынан 47 кишини алып чыккан. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланып жатат.

Албаниянын бийлиги өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизип, борбор калаа Тиран менен Дуррес шаарында аза күнүн жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0