Окумуштуулар: маал-маалы менен ачка болуу узак жашоону шарттайт

© Фото / Pixabay/ allybally4bТамак-аш. Архив
Тамак-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөө учурунда эки миңдей киши жүрөгүн текшерткен. Алардын 389у маал-маалы менен ачка болууну көндүм адат кылып алышкан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Маал-маалы менен ачка болуп туруу жүрөккө болгон оорчулукту азайтып, өмүрдүн узарышын шарттайт. Мындай бүтүмгө Американын Жүрөк ассоциациясынын окумуштуулары келгенин MedicalXpress басылмасы жазды.

Детский социально-реабилитационный центр Отрадное - Sputnik Кыргызстан
Адамдын инсульт болгонун кантип билсе болот. Дарыгердин кеңеши
Изилдөө учурунда эки миңдей киши жүрөгүн текшерткен. Алардын 389у маал-маалы менен ачка болууну көндүм адат кылып алышкан. Текшерүү көргөзгөндөй, тамактан байма-бай баш тартып тургандардын жаш кезинде көз жумуу коркунучу 45 пайызга аз. Ошондой эле жүрөктүн кармап калуу ыктымалдуулугу 71 пайызга төмөн экени аныкталган.

Буга чейин окумуштуулар кечки алтыдан кийин тамактануу жүрөккө кандай күч келтире турганын изилдешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0