Россиялык спорттун башына түшкөн мүшкүл. WADA докладынын кооптуулугу эмнеде?

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүВсемирное антидопинговое агентство WADA
Всемирное антидопинговое агентство WADA - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аягы жок жаман түш сымал болду. Соңку жылдардагы эл аралык аренадагы россиялык спорттун айланасындагы кырдаалды дал ушундай салыштырсак жөндүүдөй.

Узап бараткан айда Антидопинг дүйнөлүк агенттигинин (WADA) тийиштүү комитети “россиялык допинг” иши боюнча РФ спортчуларына сунуштамаларын жарыялады. Документке ылайык, жакынкы төрт жылда Россия эл аралык марада желеги желбиребей, гимни жаңырбай калышы, мындан сырткары, Россия Федерациясынын аймагында өтө турган бардык ири мелдештердин орду да алмаштырылышы ыктымал экен. Бул заманбап тарыхта россиялык спортту эң ири оолактатуу болсо керек.

Эки аптадан кийин дүйнөлүк спорттук коомчулук WADA аткаруу комитети бул туурасында кандай ойдо экенинен кабардар болот. Sputnik мындай окуяга эмне себеп экенин тактоону чечип, мындан ары эмне болорун божомолдоого аракет кылды.

Жаңжалдын башы

Баары Сочиде өткөн кышкы Олимпиада оюндарында башталды. Анда россиялык спортчулар болуп көрбөгөндөй жыйынтык көрсөтүп, 33 медаль тагынган, алардын 13ү эң жогорку байгелер эле.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө лидерлери спорттун кайсы түрү менен машыгат? Путинден Трампка чейин
WADA россиялык олимпиадалык спортунда допинг колдонулган деген шек менен териштирүүнү демилгелеген. Иликтөөнү аягына чыгарууга жооптуу киши катары канадалык Ричард Макларенди дайындашкан. WADA штаб-квартирасы да Канадада жайгашканын белгилей кетели. Бирок бул жөн гана дал келүү, андан кыйкым издөөнүн зарылдыгы жоктур.

Иликтөөнүн натыйжасында 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы Олимпиадага россиялыктар абдан кыскартылган курамда жөнөшкөн, мисалы, бир топ медаль алып келчү жеңил атлетика жылдыздары мелдештен четтетилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Сочидеги 2014-жылдагы кышкы олимпиадалык оюндун уюштуруучулары өз атлетчилеринин допинг-пробаларын ФСБ кызматкерлеринин жардамы менен алмаштырган деп айыпталган. Кореялык Пхенчканда өткөн 2018-жылкы кышкы Олимпиаданы утурлай, Эл аралык олимпиадалык комитет россиялыктар Оюнга туусу жана гимни жок барат деп чечкен. Алар ар кыл деңгээлдеги кандай допинг болбосун жоюуга, бардык көйгөйлөрдү оңдоого багытталган чоң иш башталганын жарыялашкан. Спортчулар баштарын ийип, сыйлоо аземинде үч түстүү желексиз да, мамлекеттик ураансыз да медалга ээ болуу үчүн жөнөшөрүн билдиришкен. Бөлөк жол болбогондугу үчүн Россия андай шарттарга аргасыз макул болгон. Албетте, жагдайдын жакшырышы үчүн ошол окуя жетишерлик деп ойлошкон баары.

Ушул тапта WADA эч нерсе өзгөрбөгөнүн, өлкөдө допинг көйгөйү дале курч экенин белгилейт. Бул ирет текшерүү үчүн алынган маалыматтар Москва антидопингдик лабораториясында. WADA комиссиясы дал ушул маалыматтар алмашылганын айтат. Көздөн жазгыруу далилденген деп эсептелген, базанын башатынан шек саналган, WADA үчүн бул россиялык атлетчилерди мелдештен четтетүүгө шылтоо болгон.

Коомчулукка эч кандай далил айтыла электигин белгилей кетүү зарыл. Россиялык спорттун жолуна бөгөт коюу эмнеге токтобой жатканы жана канчага созулары боюнча ар кандай божомолдор айтылып келет.

Баарынан мурун спорттун өзүнө көңүл буруу зарыл. Россиялык кышкы да, жайкы да спорттун түрлөрү боюнча мектептин тарыхы бай, тамыры совет маалына барып такалат. Жаштарды эмгеги сиңген спортчулар машыктырышат. Атлетчилер эл аралык аренада ийгиликти багынтып, спорттун айрым түрлөрүндө атаандаштарына мүмкүнчүлүк да беришпейт.

Демек Россия — күчтүү атаандаш, ошондуктан чочулашат, ушул себептен аралаштырбай, четтетүүдөн кайра тартышпайт деген бүтүм чыгарууга болот. Спорттун муз үстүндөгү бий, лыжа, атлетика, гимнастика жана башка түрлөрү боюнча россиялыктардын таасири күч экенин эске алсак, мындай пикирдин чындыгы бар. Мындан сырткары, көптөгөн эл аралык спорттук федерациялардагы россиялык өкүлдөр маанилүү кызматтарды ээлешет. Бул дагы көпчүлүккө жага бербейт.

Эгер түздөн-түз спорт темасынан алыстап аны курчагандарга үңүлсөк, россиялык спортчуларга карата кеминде эки кескин түшүндүрмө дароо ойго келет.

Допинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык беш спортчу допинг менен кармалып, мелдештерден четтетилген
Биринчиден, бул албетте, жаза тайган өлкөлөргө берилчү жазанын ар кылдыгы. Бул тууралуу көп айтылган, болгону спорттун кышкы түрлөрүндөгү допинг жаңжалындагы норвегиялыктар да, жеңил атлетикадагы чууга кабылган америкалык спортчулар да бир канча жылга четтетилбегенин гана эске салалы. Учурда дүйнөлүк спорттук коомчулукта россиялыктардын допингине басым жасоо жагдайы негизги агымга айланганына күбөбүз.

Экинчиден, баары жалпылап жең ичинен сүйлөшүп алгандай сезилет. Элдин көпчүлүгү көйгөйдүн баары Россия футбол боюнча 2018-жылкы чемпионатты уюштуруучу катары тандалган убакта, тагыраак, 2010-жылы башталган деп эсептейт. Ал эми футболдун мекени делген англичандар ФИФАнын Россияны тандаган чечимине ичи ачышып, таң калышкан.

Кеңири жайылган дагы бир пикир боюнча, дал ошондон кийин англичандар допингдин болгон түрүнө айыптап Россиядан “өч алууну” чечкен имиш. Дүйнөлүк спорттук коомчулукка Улуу Британиянын таасири кандай экенин айтуунун зарылдыгы жоктур. Албетте, таасири күч. Мындай кылдат маселеде тумандуу Альбионду ким колдошу мүмкүн экенин гана талкуулоого болот. Кимиси болбосун колдойт.

Ар бири коомчулуктун назарына сунушталган маалыматтардан өз тыянагын чыгарат. Тилекке каршы, баарынан биздин кабарыбыз жок, болбойт дагы. Ошондуктан жоромолдоодон башка аргабыз жок. Бирок бүт өмүрүн спортко арнаган атлетчилер эмне кылат? Эми аларды ошол ыйык нерседен ажыраткылары бар.

Жакынкы келечекте россиялык спортчуларды кандай тагдыр күтөт?

Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай кырдаалда баары күчүн спортчулардан чыгарат. Көмүскө оюндардан оолак, өлкөлөр ортосундагы саясий чагымчыл аракеттерди капарына да илбеген, өлкөнүн намысы үчүн күндө ден соолугун бузганына кайыл спортчулар күнөөлүү болуп чыга келет. Дал ошолор, жаш спортчулар, туура эки жумадан кийин өнүгүүгө өбөлгө гана тургай, жашоолорунун маңызынан куру калышы ыктымал.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов башкы жана улук машыктыруучулар менен Олимпиада оюдарына даярдык тууралуу жыйын курду - Sputnik Кыргызстан
Канат Аманкулов машыктыруучулардан Олимпиадага даярдык боюнча маалымат алды
WADA комиссиясынын сунуштарына ылайык, алдыдагы эки Олимпиадага Россиянын көпчүлүк атлетчилери катыша албай калышы мүмкүн. Өз “тазалыгын” тастыктай алган айрым гана спортчуларга катышууга уруксат берилиши ыктымал. Жакынкы төрт жылда Россиянын туусу эл аралык мелдештерде желбиребей, урааны жаңырбай калышы ыктымал. Көрүлө турган кескин чаралардын бири — Россиянын аймагында өтөрү мурдатан белгиленген эл аралык турнирлер бөлөк жерлерге которулуп же жөн гана андай чечимдер жокко чыгарылат.

WADA чыгарган чечимдерден улам санкциялар Россиянын атынан барган спорттук аткаминерлерге да таасир этиши мүмкүн. Аларга ар кыл спорттук ири мелдештерге күбө болууга тыюу салынат, балким, эл аралык спорттук федерацияларда ээлеген кызматтарын тапшыруу да сунушталышы ыктымал.

Россиялык коомчулук үчүн жыл соңундагы мына ушундай үрөй учурган жагдай бар. Россиялык атлетчилерди эл аралык аренадан көргүлөрү жок. Дүйнөлүк спорттун өнүгүшүнө түрткү болгон россиялык спортту короо тышында калтыргылары бар. Ойлору ишке ашабы? Жакында кабарын алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0