347 киши учуп бараткан учактан өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАсмандагы учак. Архив
Асмандагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техникалык адистердин айтымында, өрт механикалык мүчүлүштүктөн улам чыккан. Учак Лос-Анджелестен Манилага учуп бараткан.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Лос-Анджелестин жашоочусу 22-ноябрда учуп баратып күйүп жаткан учакты видеого тартып алган.

Видео Twitter баракчасына жарыяланып, көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн бурган. Лос-Анджелестен Маниланы көздөй учкан учактын ичинде 347 киши болгон.

Бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес. Учак бир сааттан кийин кайра аэропортко кайтып келген. Техникалык адистердин айтымында, өрт механикалык мүчүлүштүктөн улам чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0