Кара деңизде 14 миң кой жүктөп бараткан кеме оодарылып калды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-байрама в регионах России
Празднование Курбан-байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбарларды куткаруу операциясына полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана аскер-деңиз флотунун өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Румынияда 14 миң койду жүктөп бараткан кеме оодарылып калды. Бул тууралуу BBC басылмасы жазды.

Ага ылайык, Тынч океандагы Палау мамлекетинин желеги тагылган Queen Hind жүк ташуучу кемеси Румынияда Rара деңизиндеги Мидия портунан бир аз узагандан кийин оодарылып калган.

​Кеменин ичинде койдон тышкары экипаждын 22 мүчөсү болгон. Алар Сербиянын жарандары экени аныкталып, бардыгы аман калган. Куткаруучулар койлордун бир азын гана куткарышкан. Жаныбарлардын көбү чөгүп кеткен.

"Биз сууда калкып сүзүп жүргөн койлорду гана куткардык", — деди тез жардам кызматынын маалымат катчысы Стойка Анамария.

Кеме эмнеден улам оодарылганы тактала элек. Тергөө амалдары сууга түшкөн бардык кой куткарылгандан кийин башталат.

Мидия портунан чыккан кеме Сауд Аравиянын Жидда шаарындагы портко сапар алган. Marine Traffic порталынын маалыматы боюнча, кеме 1980-жылы курулган. Узундугу 85 метрди түзүп, 3785 тонна жүк батат.

Жаңылыктар түрмөгү
0