Чарчап калган уулумду талаага көмдүм. Сириядан качкан казак келиндин азабы

© AFP / DELIL SOULEIMANБаласын көтөрүп бараткан Сириялык аял. Архив
Баласын көтөрүп бараткан Сириялык аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын башынан бери Казакстан Сирияга барып, ошол жакта калып калган аялдар менен балдарды кайтарып келүү үчүн "Жусан" операциясын ишке ашырып келет.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Сирияда согушкерлерден качып, талаага төрт айлык ымыркайын көмүп келген казакстандык Айгерим (ысымы өзгөртүлдү — ред.) аттуу келин башынан өткөн азаптуу күндөр тууралуу баяндап бергенин Sputnik Казакстан жазды.

Өз мекенине "Жусан" гуманитардык операциясынын жардамы менен кайткан аял Сирияга 2013-жылы 19 жашында университеттеги окуусун таштап салып кеткенин айтат.

"Менин кетеримди ата-энем билген эмес. Алгач бизди Түркиянын Газиантеп шаарына алып барышты. Эртеси күнү чек арадан мыйзамсыз өтүп, Сирияга жеттик. Араб улутундагы кишилер тосуп алып, аял-эркек кылып эки топко бөлүп кетишти. Дагы бир күндөн кийин мени казак жамаатына алып барып, өзүбүздүн улуттагы кишиге күйөөгө беришти", — деди келин.

Сириядагы аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны
Арадан эки жыл өтүп, Айгерим бир уул төрөп, экинчиси боюна бүткөндө күйөөсү өлүп калган. Экинчи баласы төрөлөрү менен аны азербайжандык киши менен никеге тургузушкан. Анысы төрт айдан соң согушта окко учкан.

"Үчүнчү күйөөм араб болду. Андан боюма бүткөн баланы эч бир медициналык жардам жок эле үйдөн төрөдүм. Өзүм стрессте жүргөндүктөн, балам алсыз болуп калды. Ошол кезде күйөөмө бизди качырып ий деп сурансам, өлүм жазасынан коркуп макул болбой койду", — дейт Айгерим.

Күндөрдүн биринде Сириядан качырып чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөндөр бар экенин, бирок аларга 12 миң доллар төлөө керектигин угат. Мындай акчасы жок Айгерим эч даярдыгы жок эле январь айында балдарын алып качып жөнөйт.

"Күн сайын жарылуу, атышуу... Айланада жарылып кеткен адамдардын денесинин бөлүктөрү жатат. Үч балам менен 30 сааттай жол жүрдүк. Жылуу кийим, тамак-аш, суу деген жок. Жолдо 4 айлык уулум чарчап калды. Анын сөөгүн өз колум менен талаага жашырдым", — деп баяндайт келин.

Ситуация в Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум бомбага жарылып, уулум атылды... Сириядан кайткан казак келиндердин баяны
Бир канча убакыттан кийин ал эки уулу менен "Макар" деп аталган күрддөрдүн лагерине жетет. Ал жакта экинчи баласы жыгылып кетип майып болуп калган. Качан гана лагерде баш калкалаганына беш ай болгондо, "Жусан" операциясына илинип, мекенине кайтарылган.

Учурда келин башынан өткөн азаптуу күндөрдү эстегиси келбейт, эч кимге андай нерсени каалабайт. Андыктан, жаштарды ар кимдин сөзүнө кирип, диний-экстремисттик агымдарга кошулуп кетүүдөн сак болууга үндөп келет.

"Жусан" операциясы

2019-жылдын башынан бери Казакстан Сирияга барып калып калган аялдар менен балдарды кайтарып келүү үчүн "Жусан" операциясын ишке ашырып келет.

Үч жолу ийгиликтүү өткөн "Жусан" гуманитардык операциясынын жыйынтыгы менен Сириядан 600 казакстандык мекенине келген. Анын 30у — эркек, 137си — аял жана 406сы — балдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0