Жаныңдагы адамды ая. Коңуруктун зыяны тууралуу жаңы иликтөө

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДрейфующий ледовый лагерь "Барнео" в Арктике
Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узак убакыт бою уйкусу канбаган адам эң жеңил дегенде стресске кабылат. Мындай абал айлап-жылдап созула берсе, ашыкча салмак кошуп же инсульт илдетине кептелиши ыктымал.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Коңурук тарткан адамдын бул адаты өзүнө гана эмес, түгөйүнө дагы терс таасир этип, бир катар илдеттерге чалдыктырышы мүмкүн. Мындай бүтүмгө Кингстондогу Куинс университетинин (Канада) окумуштуулары келгенин Mirror басылмасы жазды.

Коңурук тарткан адамдын жанында жаткан киши көпкө чейин уктай албай, көзү илинип кеткен күндө дагы уйкусу бузула берери турган иш. Адистердин айтымында, маал-маалы менен уйкудан калган же түн ортосунда бир нече ирет ойгонгон адамдын ден соолугу бир топ начарлайт.

"Узак убакыт бою уйкусу канбаган адам эң жеңил дегенде стресске кабылат. Мындай абал айлап-жылдап созула берсе, ашыкча салмак кошуп же инсульт илдетине чалдыгышы ыктымал", — деп айтылат макалада.

Ошондой эле ар дайым чарчаңкы жана стрессте жүргөн адамдын түгөйү менен мамилеси солгундай турганы айтылат.

Андыктан окумуштуулар коңурук тарткан адамдарга болушунча эртерээк дарыгерге кайрылып, бул адаттан арылууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0