Forbes оңбогондой акча тапкан россиялык Instagram-блогерлерди атады

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЦеремония закрытия 29-го открытого российского фестиваля "Кинотавр"
Церемония закрытия 29-го открытого российского фестиваля Кинотавр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы Instagram-блогерлер негизги кирешесин жарнамадан табат. Алар жумасына бир нече жолу кызматташкан компаниянын же бренддин продукцияларын жарнамалап турушат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Forbes журналы биринчи жолу Россиядагы эң бай Instagram-блогерлердин рейтингин түздү. Бул тууралуу басылма өз сайтында маалымдады.

Ага ылайык, жарнама боюнча эң көп тапкандардын сап башында теле алып баруучу Ксения Собчак турат. Анын кирешеси 1,6 миллион долларга барабар. Баракчасына бир жумада бир нече жолу жарнамалык билдирүүлөрдү жарыялап турат. Собчак Bosco di Ciliegi жана Dior Makeup маркалары менен келишим түзгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ксения Собчак (@xenia_sobchak)

Экинчи орунда косметикалык бренддер жана кийим саткан дүкөндөр менен кызматташкан теле алып баруучу Регина Тодоренко турат. Анын кирешеси 860 миң доллардын тегерегинде.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от regina todorenko (@reginatodorenko)

Үчүнчү орунда дагы бир теле алып баруучу, ырчы Ольга Бузова турат. Анын кирешеси да 860 миң долларга барабар. Бузова Head&Shoulders (Procter&Gamble) жана Johnson&Johnson бренддеринин жүзү болуп саналат. Түзүлгөн келишимдеринин баасы 200 миң доллардан 500 миң долларга чейин барат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ARAM ARCHER (@aram_archer)

Алдыңкы ондуктан эркектерди да кезиктирүүгө болот. Атап айтканда, автоблогер Алан Енилеев (4-орунда, 850 миң доллар) менен эрежесиз эр уруш боюнча чемпион Хабиб Нурмагомедов (7-орун, 570 миң доллар) бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0