Үңүлбөй эле, үстөмдүгүн артып... Эксперт АКШнын Түркияга жасаган басымы тууралуу

© AFP / DELIL SOULEIMANТүркиядагы АКШнын аскер техникасы. Архив
Түркиядагы АКШнын аскер техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын Вашингтондогу сапары учурунда С-400дү сатып алуу боюнча маселенин "чечилишине" ишеним арткан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. АКШ Түркияга ЗРК С-400 зениттик-ракеталык системасын "жок кылууну, кайтарып берүүнү жана арылууну" сунуштады. Анкара бул кадамга барабы деген суроого Sputnik радиосуна аскер илимдеринин доктору Константин Сивков жооп берди.

Түркия россиялык ЗРК С-400дөн арылышы керек деп айтты АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку кызматтагы өкүлү.

"С-400 менен камсыздоо болбойт, ал санкцияны тобокелге тушуктуруп жатат. Чынын айтсак, убакыт (санкция киргизүү) CAATSA мыйзамы боюнча такталган эмес. Түркияга салынган санкциянын масштабы тууралуу көп нерсе айтса болот", — деген ал.

Визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана США - Sputnik Кыргызстан
Татаал маселе. Аскерий эксперт Эрдогандын С-400 боюнча айтканы тууралуу
"Түркияда сүйлөшүүлөргө келе турган маневрлардын эркиндиги бар. Алар баары ойдогудай болушу үчүн С-400дү жок кылып, кайтарып жана кандайдыр бир жолдор менен арылышы керек. Ушул эле учурда биз Абадан коргонууларынын талабына жооп берген Patriot батареясын алууга мүмкүнчүлүктү жапкан жокпуз", — деген аткаминер.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын Вашингтондогу сапары учурунда С-400дү сатып алуу боюнча абалдын "чечилишине" ишеним арткан.

Россиянын Ракеталык-артиллерия илими академиясынын академиги, аталган академиянын президентинин орун басары, аскерий илимдердин доктору Константин Сивков Вашингтон мындай басымын уланта берсе, "Түркияны жоготуп аларын" айтты. Бул туурасында Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

"Түркия АКШга көз каранды болуп отурбашы үчүн куралдануу системасын диверсификациялоого багыт алды. Алар өздөрү курал жасабайт, колдонуп жүргөн немец танкалары эскирди, ал эми жаңыларын беришпейт. Түрктөр НАТОго, жалпысынан алсак Европага ишенбейт, андыктан диверсификацияга барганга аргасыз. Бул (АКШнын Түркияга басымы) басым улана берсе, НАТО Түркияны таптакыр эле жоготуп алат", — деп айткан Сивков.

Ал арада эксперт НАТО менен АКШ Түркияга кызыгып тургандыктарын, бул аталган мамлекеттин географиялык жайгашуусунан да улам болгонун айтты.

"Түркия АКШдан эмес, тескерисинче, АКШ Түркияга көз каранды. Түркия Американы Инжирликтен кууп чыгып жана НАТОдон мына эмесе деп баса бериши мүмкүн. Анда эле НАТО түштүк флангын жоготот да, АКШ аскердик-саясий мамилеси Израилдин жээгине чейин сүрүлүп калат. Түркия курал сатып алууда Россияга ооп кетиши мүмкүн. Түркия бул колундагы жылуу токочун сунгандын ордуна, күчтөөгө басым жасап жатат. Ал эми Түркия кыңк дебей, моюн сунуп кала турган мамлекет эмес", — деген Сивков.

Ту-22М3 ультраүндүү бомбалоочу учак-ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кинжал" кайтып келди. Россиянын Ту-22М3 учагын кайра учурушуна эмне себеп?
Россиялык абадан коргонуучу жаңы С-400дү сатуу Анкара менен Вашингтондун алакасын кризиске кептеди, ал 2019-жылдын июль айында башталган.

Эрдогандын айтканына караганда, C-400дөрдү 2020-жылдын апрель айынан тарта толугу менен пайдалана башташат. АКШ келишимден баш тартып, анын ордуна америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну айтты. Андай болбогон күндө Түркияга F-35 истребителдерин сатууну токтотуп, ага кошумча санкция киргизерин жар салган.

Ал эми Анкара алардын койгон шартын кабыл алуудан баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0