Дүйнөдө казыла элек канча алтын калганы айтылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын куймасы. Архив
Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер үстүндөгү алтындын үчтөн эки бөлүгү 1950-жылдан кийин казылып алынган. Алтындын дээрлик 50 пайызы зер буюмдарды жасоого кетет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө бардыгы болуп 190 миң тонна алтын казылып алынды. Бул тууралуу World Gold Council басылмасы жазды.

Кеп адам баласы эсепке алган күндөн тарта 2017-жылдын аягына чейин чогулган алтын тууралуу болуп жатат.

Адистердин айтымында, буга дүйнө жүзүндөгү бардык алтындар, анын ичинде илгерки зер буюмдар дагы кирет. Бул көлөмгө жыл сайын 2,5-3 миң тоннадан кошулуп турат.

"Сөз болуп жаткан алтындын үчтөн эки бөлүгү 1950-жылдан кийин казылып алынган. Алтындын дээрлик 50 пайызы зер буюмдарды жасоого кетет", — деп жазылат макалада.

Маалыматка караганда, ушул тапта жер алдында 54 миң алтын запасы калды.

Салыштырмалуу айтсак, Кыргызстандагы "Кумтөр" кенинде 1997-жылдан 2018-жылга чейин 374 тоннадан көбүрөөк алтын казылган. Азыр 104 тоннадай алтын запасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0