Простата рагына кабылган эркекти импотенциядан сактап калуу жолу табылды

© Фото / Pixabay / StockSnapМужчина в стрессе
Мужчина в стрессе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Простата рагы — эркектер арасында эң көп кездешкен залалдуу шишик. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын дүйнөдө 400 миң учур катталат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Лондон медициналык колледжинин (Улуу Британия) окумуштуулары простата рагына кабылган эркектердин операциядан кийинки сексуалдык жашоосун өз калыбында кармап калуу үчүн жаңы ыкмаларды изилдеп жатат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, простатанын залалдуу шишигин алып салуу үчүн жасалган операция эркектин сексуалдык жашоосунда маанилүү роль ойночу нерв клеткаларын дагы талкалап кетет. Мындан улам көпчүлүк эркектер рактан арылганы менен импотенция илдетине кабылат.

"Атургай операциянын мындай кесепетин түшүнгөн жаш жигиттер эркектик сапатынан ажырагандан көрө рактан өлүп калууну туура көрүп, операциядан баш тартышат", — деди изилдөө тобунун жетекчиси дарыгер Грег Шоу.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекти бүк түшүргөн простата рагы. Оорунун жаңы себептери аныкталды
Анын айтымында, жаңы ыкма менен жасалган операцияда дарыгерлер алгач шишикти алат дагы, оорулуу наркоздо жаткан маалда аны атайын аппаратта иликтеп көрүшөт. Эгер бездерге жакын жерде рак клеткасы жок болсо, дароо операцияны токтотушат.

"Мурда дарыгерлер эч жеринде онкологиялык клеткаларды калтырбайлы деп, нервдерди сактап калууга аракет кылбай эле болушунча көбүрөөк ткандарды алып салышчу. Эми тетиринче, болушунча көбүрөөк жерин сактап калууга аракет кылабыз", — деди Шоу.

Простата рагы — эркектер арасында эң көп кездешкен залалдуу шишик. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын дүйнөдө 400 миң учур катталат. Мурда ага 55-60 жаштан өтүп калган эркектер кабылса, жыл өткөн сайын бул оору жашарганы айтылууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0