22 жаштагы "Белоруссия сулуусу" депутат болду. Ал тууралуу эмне белгилүү?

© Sputnik / Виктор Толочко"Белоруссия сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү Мария Василевич. Архив
Белоруссия сулуусу — 2018 сынагынын жеңүүчүсү Мария Василевич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Модель кыз менен Белоруссия президентинин чогуу жүргөнүн көп кездештирүүгө болот. Лукашенко буга чейин ага кызмат сунуштаганы айтылган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. "Белоруссия сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү Мария Василевич VII чакырылыштагы Улуттук жыйындын эл өкүлдөр палатасынын депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Maria Vasilevich (@by_vasilevich)

Модель кыз Минсктин Фрунзе районуна караштуу №104 Кальвария округунан талапкерлигин койгон. Соңку маалыматтар боюнча, Василевичке 11 583 адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 28,94 пайызын түзөт. Аны менен кошо активист Максим Винярский жана райондук "Ремавтодордун" директору Геннадий Насиевич ат салышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Maria Vasilevich (@by_vasilevich)

Василевич Белоруссия парламентинин төмөнкү палатасынын эң жаш депутаты болуп калды. Ал учурда 22 жашта, депутат катары жаштар маселесине байланыштуу иштер менен алектенери белгиленет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Maria Vasilevich (@by_vasilevich)

Мария Василевич 2018-жылы "Белоруссия сулуусу" улуттук сынагынын баш байгесин утуп алган. Андан кийин мамлекет башчысы Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнүн көп кездештиришкен. Президент модель менен чогуу отун жарып, Европа оюндарынын алкагындагы мелдештерге барып жүргөн учурлар болгон. Мындан сырткары, жолугушуулардын биринде Лукашенко ага колхозду жетектөөнү сунуштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Maria Vasilevich (@by_vasilevich)

Жаңылыктар түрмөгү
0