11:42 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ. Архивдик сүрөт

Синдзо Абэ бийликте турган мөөнөтү боюнча рекорд койду

© Sputnik / Григорий Сысоев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
223 0 0

20-ноябрь, шаршемби күнү, өкмөт башчы журналисттер менен жолугуп, кызматтагы ишмердүүлүгү боюнча кыскача отчет берди.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Синдзо Абэ Япониянын тарыхында премьер-министр кызматын эң узак убакыт ээлеп рекорд жаратты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эгер ал 2006-2007-жылдары өкмөттү жетектеген убакытты эсептей турган болсок, Абэнин премьер-министрлик кызматты аркалаганына 2887 күн (8 жылга жакын) болду. 20-ноябрь, шаршемби күнү, өкмөт башчы журналисттер менен жолугуп, кызматтагы ишмердүүлүгү боюнча кыскача отчет берди.

"Өкмөт алмашкан сайын саясий көйгөйлөр чечилбей эле кийинкиге жылдырылып жатты. Эл бийликке туруктуулук керектигин айтып, талап кыла баштаган", — деди Абэ.

Ал ошондой эле биринчи жолу премьер болуп, бирок кызматында бир эле жыл кармалган кез (2006-2007-жыл) анын администрациясына чоң сабак болгонун, ошол тажрыйба кийин шайлоочулардын колдоосуна ээ болууга жардам бергенин баса белгиледи.

"Саясий системаны стабилдештирүүгө күн сайын жумшалган ар бир аракет, берилген убадалардын аткарылышы бизди ушул убакытка жеткирди", — деди премьер.

Абэ Япониянын Либералдык-демократиялык башкаруучу партиясын жетектеп келгендиктен өкмөттү 2021-жылга чейин башкарууга укугу бар.

"Партиянын төрагалык кызматында дагы эки жыл болом. Бул убакыт аралыгында саясий тапшырмаларды аткарууга болгон күчүмдү жумшайм", — деп өкмөт башчысы баса белгиледи.

Абэ ири көйгөйлөрдүн катарына бала төрөлүүнүн азайышын, согуштан кийин чечилбей калган дипломатиялык мамилелерди жана конституцияны реформалоону киргизди.

Тема боюнча

Япон басылмалары Бишкекте өткөн футбол мелдешин кандай чагылдырды?
Жээнбеков Япониянын премьери менен биринчи жолу жолукту
Белгилер:
премьер-министр, Синдзо Абэ, Япония

ЭҢ МААНИЛҮҮ