Нурмагомедовдун атасы экинчи аял алууну пландап жатат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүФутбол. РПЛ. Матч "Анжи" - "Спартак"
Футбол. РПЛ. Матч Анжи - Спартак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдулманап Нурмагомедовдун учурда аялы бар. Ал анын жанында өзүн ээн-эркин жана ишенимдүү сезерин билдирди.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов экинчи аял алууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу ал "Мир" телеканалына берген маегинде айткан.

"Менин аялым бар, анын жанында болуу мага абдан жагымдуу. Бирок дагы үч аялга сунуш кыла алам. Экинчисин пландап жатам. Ал эми үчүнчүсү тууралуу айта албайм, болор-болбосу белгисиз. Кудай эркектерге эки, үч, төрт аял алгыла деп кайрылат. Бирөө майып болсо болот", — деди Нурмагомедов.

Россиянын мыйзамдарына ылайык, жарандар бир гана киши менен никеге тура алат.

Абдулманап Нурмагомедов Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Россиянын рекорддор китебине эң ийгиликтүү адис катары катталган. Ал 18 дүйнө чемпионун машыктырып чыгарган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0