Россия Украинага чагымчылдыгы үчүн кармалган кемелерди өткөрүп берди. Видео

Жазылуу
Россиялык чек араны бузган "Яны Капу" буксири, андан сырткары, "Никополь" жана "Бердянск" катерлери Такиль тумшугуна жеткирилди. Дал ушул жерде кемелерди расмий түрдө берүү боюнча сүйлөшүлгөн.

Жакында эле мекенине украиналык 24 моряк кайтып барды, алар Россиянын суудагы аймагына кирип кеткени үчүн кармалган. Эксперттер бул окуянын аягынан саясий подтекст байкалабы деген жаатта пикирлерин билдирди. Аны Sputnik даярдаган видеодон көрсөңүз болот.

Доклад президенту Украины В. Зеленскому о расследовании убийства журналиста П. Шеремета - Sputnik Кыргызстан
Крымдагы украин кемелеринин кайтарылышы Зеленский үчүн белги экени айтылды
2018-жылы 25-ноябрда Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн "Бердянск", "Никополь" жана "Яны Капу" кемелери Россиянын убактылуу жабылып турган мамлекеттик чек арасын бузуп, Кара деңизден Керчь кысыгын карай багыт алган. Алар бийликтин расмий талаптарына көңүл бурбай, бир нече саат кооптуу маневрларды жасаган. 22 моряк, кеме жана андагы Украинанын Коопсуздук кызматынын эки өкүлү кармалган.

Россия президенти Владимир Путин Кара деңиздин Керчь кысыгындагы окуяны чагымчылдык аракет деп баалаган. Экипаждын арасындагы Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү негизинен бул атайын операцияны жетектегенин айткан. Путин россиялык чек арачылар мамлекеттик чек араны коргоп, өзүнүн милдетин аткарды деген.

Быйылкы жылдын сентябрь айында Украинага моряктар кайтарып берилгени маалым.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0