Көз карандысыздык көлөкөсү: ЕБ АКШнын финансы системасынан бөлүнүүдө

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүСаммит G20 в Гамбурге
Саммит G20 в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа СПФС жана CIPS системасы бар Россия менен Кытайдын жолун жолдоду. Кызыгы, жакында эки платформаны бириктиришмекчи, андан соң буга индиялыктар иштеп чыгып жаткан төлөм системасы кошулары айтылды.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik, Александр Лесных. Германиянын Deutsche Bank жана Франциядагылардын бир тобун кошкондо Европанын 20 банкы бирдиктүү төлөм системасын иштеп чыгууга киришти. Булар Visa жана Mastercard америкалык системаны алмаштырмакчы. Брюсселдин финансылык көз карандысыздыгына жетүүгө ким жардам берет жана зарылдык эмне үчүн азыр жаралгандыгын РИА Новостинин материалынан окусаңыз болот.

Ажырашуу жана кыз кезиндеги фамилия

Евробиримдик көз карандысыз финансылык-экономикалык саясатты формалдуу жүргүзүп келет, ал эми иш жүзүндө Брюсселдин маанайындагы көп нерсени Капитолий аныктайт. Сырткы соода келишимин доллар менен төлөгөн башка өлкөлөрдө да абал ушундай жагдайда турат.

Президент РФ В. Путин на саммите БРИКС в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Трамп, Зеленский, Сирия тууралуу. Путиндин BRICS саммитинен кийинки ою
Европалыктар буга байланыштуу кыйынчылыкка биринчи ирет 2018-жылдын ортосунда тушугуп баштаган. Анда Вашингтон Тегеран менен өзөктүк курал келишиминен чыгып, Иран мунай заттарын сатып алгандарга санкция салууга убада кылган. Евробиримдик эки багыттын бирин тандашы керек болгон. Биринчиси — Американын чектөөсүнө тушугуу же күнүнө 500 миң баррель күйүүчү майдан баш тартуу эле.

Сырьёго акчаны АКШ көзөмөлдөп турган банктар аралык SWIFT системасы аркылуу төлөөгө туура келгени абалды кыйындаткан. Вашингтон системага жеткис кылып чектеп коюп, анысы бизнестин тык эле токтоп калышын шарттаган.

Брюссель мындай жол менен Вашингтон шантажын улантарын түшүнгөн. Ал соода согушу болсун, же россиялык СПГны сатып алуу жаатында болсо да чыкмак. Европалык финансисттер INSTEX — төлөм өткөрүүчү банктар аралык өздөрүнүн системасын түзгөндүгүн жарыялашты.

Ошентип Европа СПФС жана CIPS системасы бар Россия менен Кытайдын жолун жолдоду. Кызыгы, жакында эки платформаны бириктиришмекчи, андан соң буга индиялыктар иштеп чыгып жаткан төлөм системасы кошулары айтылды.

Бул туурасында Россия, Кытай жана Индия жакында эле Бразилияда өткөн БРИКС саммитинде бир пикирге келип, макулдашты. Эми бириктирилген системанын "шлюз" модели менен иштери кабарланууда.

Visa ордуна келген PEPSI

Кытай менен Россиянын Вашингтондун көзөмөлүндө болбогон өзүнүн төлөм системасын түзгөнүнө көзү жеткен европалык 20га жакын банк PEPSI (Pan-European Payment System Initiative) деп аталган долбоорду ишке киргизди. Эми анын Европадагы Visa менен Mastercard системасын алмаштырары айтылды.

Трамп менен Эрдоган Россиянын С-400 комплекси үчүн урушпай эле коюуну чечти - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Эрдоган Россиянын С-400 комплекси үчүн урушпай эле коюуну чечти
PEPSI европалык гана компаниялардын коопсуздугу эмес, Ирандын жана Вашингтонго жакпай калган башка да өлкөлөрдүн коопсуз соодасын камсыздайт. Америкалык төлөм системасы ЕБ атуулдары кандай акчаларды пайдаланып, коротуп жаткандыгын билбей калат, ал эми бул АКШнын европа рыногунда компаниялардын экспансиялоо мүмкүнчүлүгүн алсыздандырат.

Жаңы төлөм системасы Россия үчүн да маанилүү: европалык борбордук банктар аталган системалар арасында өз ара интеграция боюнча макулдаша алат. "Мир" картасын жакында Евробиримдиктин өлкөлөрүндө да кабыл алып башташы мүмкүн.

Европалык финансылык рыноктун АКШнын көзөмөлүнөн чыгаруунун дагы бир болжолдуу куралы — санарип акчалары. Ноябрдын башында курамына Deutsche Bank, Credit Suisse жана Commerzbank кирген Германиянын банктарынын федералдык ассоциациясы евронун санариптик аналогун түзүп жана аны панъевропалык төлөм системасына бириктирүүнү сунуштады. Немецтер бул демилгеси кимге багытталгандыгын жашырган жок.

"Бул — АКШнын атаандаштык басымына түтө турган жалгыз жол", — деп айтышты ассоциациядан. Алар Facebook чыгара турган Libra валютасы экономикалык жана саясий чыр чатактардын чырагына май тамыза тургандыгын белгилешкен.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын август айынын соңунда Англия банкынын жетекчиси Марк Карни дүйнөнүн резервдик валюта катары долларга көз каранды болуп турушу өтө эле тобокелге алып келе турган көрүнүш экендигин айткан. Жетекчи аны товарлардын глобалдуу корзинасына негизделген жаңы, санарип валютасына алмаштырууну сунуш кылган.

"Көп түрдүү, көп багыттуу дүйнөдө бизге дал ошондой валюта керек", — деген Карни азыр бир топ өлкөлөр олку-солку болуп турган Америка экономикасынан абдан эле көз каранды экендигин айткан.

Аны менен кошо эле кээ бир өлкөлөр терс ставкаларга өтүп кеткендиктен глобалдуу финансылык система тең салмагын жоготкон. Ал эми башкалар, анын ичинде АКШ нөлдөн өйдө болгон нгегизги ставканы колдору маалым.

Англия банкынын башчысынын айтымына караганда, тең салмактуулукту кайтарып келиш үчүн жаңы валюта керек, ал бери дегенде санариптик болушу абзел.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0