Венеция суу алдында калды. Жарым кылымдагы эң ири суу ташкындын видеосу

© REUTERS / Flavio Lo ScalzoИталиянын Венеция шаарында акыркы 50 жылдан берки эң ири суу ташкыны болуп жатат
Италиянын Венеция шаарында акыркы 50 жылдан берки эң ири суу ташкыны болуп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венециянын тургундары акыркы бир жумада үч жолу суу ташкынына күбө болду. Шаардын 70 пайызы суу алдында калганы айтылууда.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Италиянын Венеция шаарында акыркы 50 жылдан берки эң ири суу ташкыны болуп жатканын The Guardian басылмасы жазды.

Акыркы жумада Венеция шаары үч жолу суу алдында калды. Жекшемби күнү, 17-ноябрда, суунун деңгээли 1,5 метрге көтөрүлгөн. Калаа бийлиги туристтердин жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн Ыйык Марк аянтын кайтадан жапты.

Суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүктөн шаардын 70 пайызы суу алдында калган. Анын ичинде ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген имараттар да бар. Шаардагы музейлердин көбү жабылып, транспорт каттамдарына чектөө киргизилген. Ал эми жөө адамдар атайын салынган жолдор менен басууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Claudia Torcellan (@clau_torce)

Келтирилген чыгым болжол менен 1 миллиард еврону түзөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от SAVE VENICE (@veneziacityitaly)

Венецияда ар төрт жыл сайын суунун деңгээли жогорулап турат. Бирок 115-125 сантиметрге көтөрүлүп, шаардын 10 пайызга жакын бөлүгүн гана каптайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0