Табигый азыгынан ажырап. Угандада маймылдар балдарды уурдап, өлтүрүп кетүүдө

© AFP / JOHAN ORDONEZМаймылдар. Архив
Маймылдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калктын саны өскөн сайын жаңы конуштар негизделип, соңку 25 жылда эле токойдун 63 пайызы жок кылынган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Уганда мамлекетинин батыш тарабында маймылдар жаш балдарды уурдап, өлтүрүп кете баштады. Бул туурасында National Geograhic журналы даярдаган репортажда айтылат.

Женщина родила 44 ребенка — первенец появился в 13 лет. Репортаж из Уганды - Sputnik Кыргызстан
44 бала төрөгөн. Угандалык аял тууралуу кызыктуу репортаж
2018-жылдагы маалымат боюнча Уганда калкынын саны 43,7 миллионго жеткен. Салыштыруу үчүн айтсак, 1911-жылы 2,5 миллион болчу. Элдин 80 пайызы айылдарда жашагандыктан жаңы конуштарды түзүү жана эгин талааларын өздөштүрүү үчүн бак-дарактар кыйылууда. Соңку 25 жылда эле токойлордун 63 пайызы жок кылынган. Мунун кесепетинен маймылдар табигый азыктарынан ажырап, ар кандай ыкма менен жан багууга өтүшүүдө.

Эң коркунучтуусу — алар айылга келип жаш балдарга кол салып жатышат. Бир канча бөбөк дайынсыз жоголсо, анын ичинен алтоонун чарчап калганы тастыкталды. Алардын бирөө апасынын жана айылдаштарынын көз алдында каза болгон. Маймыл эки жаштагы баланы көтөрө качып кеткенден кийин артынан кууп барышса, бөбөктүн колу жулунуп, ичи жарылган тейде жаткан.

"Адамдардын жапайы жаратылышты кыйып жок кылышы ушундай трагедиялуу кырдаалга алып келди. Эгер кайра калыбына келтирүү иштери жүрбөсө, мындан да жаман каргашалар болушу ыктымал", — деп белгилеген National Geograhic. 

Мындан сырткары, маймылдар элдин өстүрүп жаткан мөмө-жемиштерин, жүгөрү, эгин-тегинин да жеп кетүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0