Медициналык кароодон өткөн Трамп боюнча маалымат айтылды

© AFP / SAUL LOEB АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Трамптын салмагы 110,22 килограмм, бою 192 сантиметр, кан басымы 118/80, ал эми тамыры мүнөтүнө 70 жолу кагары белгилүү болгон.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ак үйдүн маалымат катчысы Стефани Гришэм АКШ президенти Дональд Трамптын ден соолугуна байланышкан негизсиз сөздөрдү токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Ал ишемби күнү Трамптын медициналык кароодон өткөндүгүн жана ден соолугу боюнча жакшы жыйынтык чыккандыгын айтты.

"Трампты медиктер кыска убакытта карап чыгышты. Ал анализ тапшыргандан кийин кайра эле шаарга (Вашингтон — ред.) келди. Мурдагыдай эле дени-карды соо, алдуу-күчтүү экенин, оорубагандыгын анын миңдеген америкалыктардын алдында аптасына бир нече ирет чыгып жакшынакай эле сүйлөп жүргөнү көрсөтүп турат", — деген маалымат катчы айым Гришэм.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп Меланья жаткан ооруканага тик учак менен келип, лимузин менен кетти
Ал президенттин саламаттыгы туурасында толук отчет бере тургандыгын билдирген. Айтымына караганда, Трамп 2020-жылы президенттик шайлоодо убакыт коротуп жүрбөй медициналык кароодон эртерээк өтүүнү каалаган.

Акыркы ирет Трамп дарыгерлердин кароосунан февраль айында өткөн. Анда салмагы 110,22 килограмм (андан мурдагы жылы 108, 4 кг.), бою 192 сантиметр, кан басымы 118ге 80, ал эми тамырынын кагышы мүнөтүнө 70 жолу болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0