Facebook жарым жылда 3 миллиарддан ашык фейк аккаунттарды өчүрдү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым колдонуучулардын жеке маалыматтары жарыяланып кеткенден кийин "Facebook корпорациясы купуялуулукту сактай албайт" деген айыптоолор болгон.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Facebook корпорациясы апрель айынан сентябрга чейин Facebook менен Instagram баракчасынан 3,2 миллиард фейк аккаунттарды өчүрдү. Бул тууралуу компаниянын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Официальная страница Сооронбая Жээнбекова в Instagram - Sputnik Кыргызстан
Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг
Корпорация акыркы убактарда жасалма аккаунттарды аныктоодо бир топ ийгиликтерге жетишкенин жар салган. Андан сырткары, чектен ашкан жарнамалар камтылган 4,1 миллиард билдирүү жана зордук-зомбулукка байланышкан 54,5 миллион билдирүү өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым колдонуучулардын жеке маалыматтары жарыяланып кеткенден кийин коомчулук Facebook корпорациясын "купуялуулукту сактай албайт" деп айыптаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0