Бакуда дени сак энеден оозу жок, кулагы мойнуна өскөн бала төрөлдү

© AFP / FREDERICK FLORINГоспиталь центра Hautepierre в Страсбурге
Госпиталь центра Hautepierre в Страсбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжандын башкы акушер-гинекологу Севиндж Мамедова мындай кемчиликти УЗИ бала үч айлык кезинде эле көрсөтүшү керектигин айтты.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Азербайжанда оозу жок, моюнунда кулак жана мурун өскөн бала төрөлдү. Анын жүзү чочконун мурдун элестетип турганын Medicina порталы жазды.

Работа хирурга-отоларинголога в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Келбети үрөй учурган наристеге Россияда операция жасалды. Сүрөт
Кыз Бакудагы жеке клиникалардын биринде жарыкка келген. Дарыгерлердин айтымында, анын жүрөгү жана өпкөсү жакшы иштеп жаткан. Бирок ал бир күн дагы жашай албай чарчап калган. Дарыгерлер кыздын ата-энесинин ден соолугу чың экендигин жана алар эки баланы тарбияларын билдиришкен.

Азербайжандын башкы акушер-гинекологу Севиндж Мамедова мындай кемчиликти УЗИ үч айлык кезинде эле көрсөтүшү керектигин айткан. Дарыгерлер аны өз убагында аныктап, үй-бүлөсүнө айтпаганы кылмыш деп саналарын билдирген.

Мамедова жеке клиникалардын ишине уруксаты жок кийлигише албарын, андыктан аталган окуяны иликтөөгө укугу жоктугун белгилеген.

"Кемтиги менен төрөлгөн ымыркайды мен дагы, башкы неонатолог, педиатрлар дагы көргөн жок", — деди ал.

Гинеколог баланын энеси кош бойлуу кезинде аны караган дарыгерлерге каршы даттана аларын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0