Чаң басып каралбай жаткан чайнек 1 миллион фунтка сатылып кетти. Англиядагы окуя

© AFP / JEFF PACHOUDАукцион. Архив
Аукцион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ээсинин айтымында, бул чайнек аларда муундан-муунга өтүп сакталып келген. Бирок канчалык баалуу экенин эч ким айтпагандыктан, үй-бүлө мүчөлөрү ага көңүл бурбай, текчеде тура берчү.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Англиянын тургуну көп жылдан бери чаң басып, эч ким карабай жаткан чайнекти капысынан эле 1 миллион фунтка (90 миллион сомго жакын) сатты. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды. 

Открытие выставки часов и ювелирных изделий Baselworld в Базеле - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кымбат саат аукциондо сатылып, акчасы кайрымдуулукка кетти
Атын жашыруун сактагысы келген тургундун айтымында, бул чайнек аларда муундан-муунга өтүп сакталып келген. Бирок канчалык баалуу экенин эч ким айтпагандыктан, үй-бүлө мүчөлөрү ага көңүл бурбай, текчеде тура берчү.

Ээси үйүндөгү башка буюмдардын баалуулугун билүү үчүн Ли Янг аттуу адисти чакырган. Бирок анын көзү текчеде турган чайнекке түшкөн.

Качан гана буюмду колго алып жакшылап караганда, түбүндө көгүлтүр түстөгү мөөр бар экенин көргөн. Көрсө, ал 1735-1796-жылдар аралыгында Кытай императору Цяньлунга арналып жасалган экен. Ал эми шабдаалы формасында жасалган капкагы Кытайда түбөлүктүүлүктүн жана биримдиктин символу болуп эсептелет.

Ошентип мурда билинбей жүргөн баалуу чайнек Лондондо өткөн аукциондо 10 мүнөттүн ичинде 1,04 миллион фунтка сатылып кетти.

Император Цяньлун Цин династиясынын алтынчы императору болгон. Ал бийлигин баласына өткөрүп берген соң, үч жылдан кийин 87 жашында көз жумган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0