Тестостерон гормонунун "душмандыгы" дагы бар. Жаңы иликтөө

Жазылуу
Уюм жүргүзгөн иликтөөгө караганда, эркектер кадимки сасык тумоо менен аялдарга караганда катуу ооруганына эми түшүндүрмө табылды.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму медиктерге сасык тумоону дарылоодо оорулуунун эркек же аял экенине өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Уюмдун жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда, эркектер кадимки сасык тумоону аялдарга караганда татаалыраак өткөрөрүнө эми түшүндүрмө табылды.

"Эркектер сасык тумоо болсо эле төшөккө жатып, оголе аша чаап эркелеп кетет деп ойлочубуз. Көрсө буга себеп бар экен. Эркектин организминдеги тестостерон гормону ооруга каршы антителолордун санын азайтып турары белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекти бүк түшүргөн простата рагы. Оорунун жаңы себептери аныкталды
Мындай жыйынтыкка келүү үчүн адистер аял менен эркектен 1700 ыктыярчынын ден соолугун изилдеп көргөн. Дарыгерлер алар сасык тумоого кабылган учурда ден соолугун алгач өздөрү текшерип көрүп, кийин оорулуунун өзүнө баа бердирген. Жыйынтыгында эркектер мурда биз ойлогондой "калп эле оорубай", аялдарга караганда көбүрөөк кыйналары аныкталган.

Андыктан эркектерде сасык тумоого кабылгандан тышкары анын күчөтүп алуу коркунучу дагы бар. Ошондой эле алар ОРВИден кийин аялдарга караганда эки эсе көбүрөөк убакытта калыбына келишет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0