10:27 14 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Ракеталар. Архивдик сүрөт

Куралсыздандыруу тармагында дүйнөлүк келишим базасын бузуу кимге керек

© Sputnik / Виталий Аньков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
156 0 0

"Өзөктүк кылымдын" стратегиялык куралдануусун чектөөгө тиешеси бар эл аралык макулдашуулардын биринчиси атмосферадагы, космос мейкиндигиндеги жана суу алдындагы өзөктүк куралдарды сыноо боюнча келишим болду.

Бул документке 1963-жылы Улуу Британия, Советтер Союзу жана АКШ кол койгон. Андан соң бир топ эки жана бир тараптуу макулдашуулар түзүлгөн.

Куралдануу боюнча документтердин бир катарын тараптар сактап жатса, бир бөлүгү эскирген, дагы бир бөлүгү жаңыланса, кээ бири токтотулган.

Көбүрөөк кеп-сөздүн башы 1987-жылы Михаил Горбачев менен Рональд Рейган кол койгон Орто жана кыска аралыктагы ракеталар (ОЖКАРК) туурасындагы келишим болду. Документ АКШнын айтканы менен СССРдин калк жыш жайгашкан бөлүгүндөгү объектилерине багытталган Европага тиешелүү ракеталардын, ал эми СССРде Европага багытталган ракеталардын орнотулушунан улам түзүлгөн.

ОЖКАРКтын негизинде аралыгы 500дөн 5000 чакырымга уча турган жаңы ракеталарды иштеп чыгууга тыюу салынган. Аны менен катар эле келишимде деңизде жайгаша турган жана канаттуу ракеталар боюнча кеп болгон эмес. Маселен, америкалык "Томагавктар" Жер Ортолук, Балтика жана Норвегия деңиздеринен коё берилген өздөрүнүн "кургактагы кесиптештерин" оңойчулук менен алмаштыра алат эле.

АКШнын ОЖКАРКтан чыгып кетишине "келишимди бузду" деген 2019-жылдын 1-февралындагы Россияны негизсиз күнөөлөө себеп болгон. Ал — "Искандер" комплексинин курамында канаттуу 9М729 ракетасынын пайда болушу эле.

АКШ мындан эки жыл илгери орто аралыкка жана 1000 чакырымга учуучу абадагы канаттуу ракеталарды иштеп чыгууга бюджеттен каражат бөлгөн. Буга жооп кылган Россия аталган келишимге катышуусун токтотуп, ошентип ал келишим иштебей калган.

Мындан тышкары, РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров АКШнын аракеттерине жооп катары Россия орто жана кыска аралыктагы ракеталарды иштеп чыгууга белсене киришкенин жар салды. Бирок Россия аларды кайсы бир аймакта америкалык же европалык ракеталар пайда болмоюнча жайгаштырбайт.

"Ачык асман"

Ушундай эле тагдыр "Ачык асман" боюнча келишимди (ААК) да күтүп тургандай, бул дагы америкалыктардын демилгесинен улам болууда. Аталган макулдашууда бири-биринин аскердик ишмердүүлүгүнө көз салуу үчүн атайын учактардын инспекциялык учуп туруусу каралган. АКШ аймагынан учууга тыюу салууга РФтин "Ачык асман" сериясындагы эки жаңы учактын жабдуусун сертификациялоо өтүнүчү себеп болду. Америкалык конгрессмендер өз асманындагы мындай учууларды "шпиондук", "улуттук кызыкчылыкка зыян келтирет" деп табышкан. Бирок ААКтан чыгуу дал АКШга пайдалуу: макулдашуудан чыкпаган НАТО өнөктөштөрүнөн маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн сактоо менен өз аймагынын Россия тараптан көзөмөлдөнүшүнө жол бербейт. Маалыматтын айрым бөлүгүн спутник аркылуу "алып салуу" ыктымалдыгын эске алсак, көзөмөл баары бир толук кандуу болбой калары белгилүү.

Эрежени өзгөртөбүзбү?

Кайсы келишим качан түзүлүп, качан бузулганына саресеп салсак, сүйлөшүүлөр АКШ жана алардын өнөктөштөрү СССРди же Россияны техника жаатындагы лидерлигинен ажыратуудан башкача ыкма менен алдыга озуп чыгуу ою таш капканда ийгиликке жеткенин көрүүгө болот. Америка алдыга кадам таштаары менен ага чейин жасалган бардык аракеттери ишке ашпай калат. Орто жана кыска аралыктагы ракеталар жөнүндөгү келишимдин да тагдыры ушундай болду.

Азыр БУУ аркылуу гиперүндүү куралга тыюу салууга аракет кылып жатат. Бул жаатта АКШ Россиядан кыйла артта экени маалым. Качан гана Америка ушул сыяктуу өндүрүшкө жеткенде жогорудагы тыюунун зарылдыгы болбой калары турган иш. Мунун баары жеңишке жетише албай оюндун эрежесин өзгөртүп жиберген эркек тууралуу анекдотту эске салат.

Стратегиялык басып алуу куралдары же эл аралык коопсуздуктагы калдыктар

Бүгүнкү күнү Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектөө боюнча жалгыз келишим — бул стратегиялык басып алуу куралдарын азайтуу. Ошол нерсени узартуу гана ракеталык-өзөктүк тармактагы механизмдерди көзөмөлдөөнү толугу менен колдон чыгарып жиберүүгө жол бербейт.

Аскерий эксперт Борис Рожин АКШ катардагы жана өзөктүк куралдарды чектөө боюнча учурдагы бардык келишимдерди биринин артынан бирин жок кылуу аракеттерин көрүп жатканын билдирди.

"Орто жана кыска аралыктагы ракеталар боюнча келишимден (ОЖКАРК) чыккандан кийин учурда стратегиялык басып алуу куралы келишимин токтотуу боюнча маселе катуу талкууланып жатат. Азыр АКШда түрдүү деңгээлде келишим Америкага пайдасыз болгондуктан токтошу ыктымалдыгы айтылууда, же АКШ өзүнө ылайыктап Россия менен Кытайга келишимди жаңы шартта түзүүнү сунуштайт", — деди ал.

Рожиндин айтымында, АКШнын мындай аракеттеринен улам эл аралык коопсуздуктун калган системасы толугу менен жоюлушу ыктымал.

Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков ноябрдын башында Москвада өткөн конференцияда Россия 2021-жылы мөөнөтү аяктай турган стратегиялык басып алуу куралы жөнүндөгү келишим боюнча абдан тынчсызданып жатканын билдирген.

Ал ошондой эле орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди бүгүнкү шартта узартуу эң жакшы кадам экенин белгиледи. Себеби ал стратегиялык туруктуулук тармагындагы абалдын толугу менен бузулуп кетишине жол бербейт.

Тема боюнча

ФСБ: "Ислам мамлекети" борбор азиялык согушкерлер Афганистанда плацдарм курууда
Россиялык эксперт: Кыргызстан менен Кытай кызматташтыгын кызганбаш керек
Белгилер:
макулдашуу, келишим, АКШ, Россия, ракета

ЭҢ МААНИЛҮҮ