Вышинский Украинада Соловьевго каршы козголгон иш боюнча пикирин айтты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүПресс-конференция К. Вышинского
Пресс-конференция К. Вышинского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын ИИМинин маалыматына караганда, полиция январь айынан сентябрга чейин журналисттерге каршы 158 ишти каттоого алган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Украинада россиялык алып баруучу Владимир Соловьевго адатта журналисттердин изине түшкөн берене боюнча иш козголду. Бул тууралуу "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский билдирди.

Шейшемби күнү, 12-ноябрда, Украинанын Коопсуздук кызматы Соловьевго каршы "Украинанын аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү" беренеси боюнча эки иш козгогону белгилүү болгон.

"Белгилей кетчү жагдай, Владимир Соловьевго Украинада адатта журналисттерге карата колдонулган берене боюнча иш козголду. Саясий максатта куугунтукка алынган менин кесиптештеримдин жарымы 110-берене менен айыпталууда. Алардын тизмесин жакында эле ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирге бердим", — деди Вышинский.

Ал ошондой эле мындай көрүнүш Украинадагы сөз эркиндигинин абалы кандай экенин көрсөтүп жатканын айтты.

Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Россия — Украина ортосуна арачы болуу максатында. Кремль эмне деди
Ал эми Соловьев ага карата Украинада иш козголгонуна таң калбаганын, программаларына ал өлкөдө эбак эле тыюу салынганын белгиледи.

Журналисттерди коркутуу, изине түшүү, керек болсо өлтүрүү фактылары Украинада ондоп саналат. Киевде 2015-жылдын апрель айында Олег Бузин киши колдуу болгон. Бир жылдан кийин эле Павел Шереметтин унаасы жарылып көз жумган. Эки кылмыштын тең бети бүгүнкү күнгө чейин ачыла элек. Италиянын RAI мамлекеттик телеканалынын журналисти Марк Иннарону Украинадагы шайлоону чагылдыруу үчүн киргизбей коюшкан. Ал эми "Страна.ua" интернет-порталынын редактору Игорь Гужву акча талап кылууга шектелип кармалса, житомирдик журналист Василий Муравицкий мамлекетке чыккынчылык кылды деген кине менен камалган.

Кирилл Вышинский дагы мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен бир жылдан ашык абакта жаткан. Август айынын аягында ал эркиндикке чыгарылып, сентябрдын башында Россияга кайткан.

Украина ИИМинин маалыматына караганда, полиция январь айынан сентябрга чейин журналисттерге каршы 158 ишти каттоого алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0