Путин белек кылган шумкарлар үчүн Кыргызстанга ыраазычылык айтылды

© AFP / BANDAR ALGALOUD / SAUDI ROY COURTОфициальный визит президента РФ Владимира Путина в Саудовскую Аравию
Официальный визит президента РФ Владимира Путина в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти 14-октябрда Сауд Аравия королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Саудга Кыргызстандан алынган шумкар тартуулаган. Эртеси ушундай эле белек Абу-Дабинин ханзаадасына да берилген.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министри Дмитрий Кобылкин Владимир Путин Сауд Аравиянын королуна берген шумкарлар үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Кобылкин 8-ноябрь күнү Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Мирслав Аманкулов менен жолугуп, жаратылышты коргоо жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулаган.

"Кобылкин тартуу үчүн алынган шумкарларды жөнөтүүгө берилген уруксат жана документтерин даярдоо боюнча жоопкерчиликтүү вазийпанын так аткарылганы үчүн Кыргызстандын тийиштүү кызматтарына ыраазычылык билдирди. Шумкарлар Россия президенти Владимир Путиндин Жакынкы Чыгышка болгон расмий сапарынын алкагында белекке берилген", — деп айтылат маалыматта.

КР президенти Сооронбай Жээнбековдун РФ лидери Владимир Путинге тартуулаган аргымак менен тайган - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Путинге тартуулаган аргымак менен тайган эмне болду? Элчинин жообу
Эки тарап мындан кийинки кызматташуу боюнча пикир алышып, биотүрдүүлүктү сактоо багытындагы алаканы бекемдөө зарылдыгына токтолду. Мында кеп Россияда Эл аралык орнитологиялык борбор жана бир катар питомниктерди ачуу тууралуу жүрүүдө. Ал эми буларды иштетүүдө жогорудагы шумкарлар өстүрүлгөн "Мурас" борборунун тажрыйбасы колдонула турганы айтылды.

Белгилей кетсек, 14-октябрда Россия президенти Сауд Аравияга болгон расмий сапарынын алкагында король Салман ибн Абдул-Азиз Аль Саудга шумкар тартуулаган. Эртеси БАЭде Абу-Даби ханзаадасы Мухаммед бен Заид аль-Нахайянга да ушундай эле белек берген. Эки шумкар тең Ысык-Көлдөгү "Мурас" борборунда өстүрүлгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0