Трамп Эрдоганга 100 млрд. долларлык келишим сунуштады. Эмне үмүт этүүдө?

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүСаммит НАТО в Брюсселе. День первый
Саммит НАТО в Брюсселе. День первый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Тайип Эрдоганга кат жолдогон.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Дональд Трамп Тайип Эрдоганга 100 миллиард долларлык келишим сунуштаганын Washington Post басылмасы жазды. 

ЖМКнын жеке булагына таянуу менен маалымдаганына караганда, АКШ Түркияга келишимден сырткары санкцияларды өтүүчү сунуштарды да айткан.

С-400 россиялык куралы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
Washington Post басылмасы Трамптын бул сунушу конгрессмендердин жинин келтириши ыктымал экенин белгиледи. Өткөн жумада алар Түркияга каршы санкцияларды киргизүүнү колдоого алышкан болчу.

Белгилей кетсек, Эрдоган АКШга 12-13-ноябрда иш сапары менен келет.

Түркия менен АКШ мамилесинин солгундашына Анкаранын Россиядан С-400 зенит-ракеталык комплексин сатып алуусу себеп болгон. Ракета комплекси 2020-жылдын апрель айынан тарта ишке киргизилет. Түркиянын мындай кадамына ачууланып, Россиянын курал-жарагынын ордуна АКШнын Patriot комплексин сатып алууну сунуштаган. Бирок Түркия Американын мажбурлоосуна көнбөй труганын билдирип, сунуштан баш тарткан болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0