Боливиядагы төңкөрүш: президент Моралес Мексикадан баш паанек алып учуп кетти

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБоливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес. Архив
Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боливиянын башчысы президенттик шайлоодон кийин башталган башаламандыктан улам 10-ноябрда отставкага кеткенин билдирген.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес өкмөттүн учагы менен аларга келе жатканын Twitter баракчасына жазды.

Эбрарддын айтымында, эми Моралес Мексиканын коргоосуна алынды.

"Анын өмүрү жана ден соолугу коркунучта эмес", — деп жазды ал.

РИА Новости агенттиги Моралес буга чейин ага баш паанек берген Мексикага бара турганын айтканын маалымдады.

Боливиянын башчысы президенттик шайлоодон кийин башталган башаламандыктан улам 10-ноябрда отставкага кеткенин билдирген. Андан сырткары, өлкөнүн жогорку кызматтагы жетекчилери толугу менен кызматтан кеткен. Эми бийлик сенаттын оппозициядагы вице-спикери Жанин Аньеске өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0