Рак илдети качан пайда болгон? Байыркы доорду иликтөөнүн жыйынтыгы

© AFP / SAUL LOEBЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар акыркы 300 жыл ичинде өнөр жай өнүккөн мамлекеттерде рак оорусу арбын катталып жаткандыгын айтышкан. Анын ичинен балдар арасында бөтөнчө көбөйгөнү кошумчаланды.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Байыркы элде рак оорусу өтө чанда кездешчү илдет болгонун окумуштуулар изилдеп чыгышты. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Адистер акыркы жылдары рак оорусунун көбөйүшүнө айлана-чөйрөнүн булганышы, туура эмес тамактануу жана кыймылдын аздыгы себеп болуп жаткандыгын белгилешкен.

Алардын айтымында, рак миллион жыл мурда эле пайда болгон. Манчестер университетинин окумуштуулары птoлeмeйлердин доорунда (биздин заманга чейинки IV-V кылымдарда) жашаган египеттик мумиядан залалдуу шишик болгонун тастыктап бере алышкан.

Чуркоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер ракты алдын алуунун жөнөкөй жолдорун атады
Мындан тышкары, адистер болжол менен 2 миллион жыл мурда каза тапкан 12-13 жаштагы австралопитектен (адам сымал маймылдардын уруусу — ред.) шишиктин издерин аныктай алышкан. Оорунун эң байыркы мисалы катары 1,7–1,8 миллион жыл мурда бутунун таманына чыккан рактан каза тапкан гоминидди (адамдардын эң байыркылары — ред.) эсептешкен.

Окумуштуулар акыркы 300 жыл ичинде өнөр жай өнүккөн мамлекеттерде рак оорусу арбын катталып жаткандыгын айтышкан. Анын ичинен балдар арасында бөтөнчө көбөйүп баратканы кошумчаланды.

Гарвард университетинин окумуштууларынын айтымында, ракка кабылгандардын 75 пайызынын өлүмүн алдын алууга болот. Бул үчүн убагы менен медициналык текшерүүдөн өтүп, ичимдик, чылымды таштап, стресс, депрессиялардан оолак жүрүү керек. Ошондой эле уйкуну тууралап, ашыкча салмактан арылуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0