Путин аткаминерлерди сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө үндөдү. Видео

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жыйын учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда кимдер сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөнүнө кызыкты.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Путин мындай суроону саламаттык сактоо министри Вероника Скворцованын эмдөөнүн жүрүшү боюнча отчётун уккандан кийин берди. Министрлер кабинетинин үч гана мүчөсү вакцинация кылганын айтышты.

"Төртөөбүз экенбиз. Мен дагы эмдөөдөн өттүм. Сасык тумоо менен ооруп калдыңбы — атууга. Анан эмне кылмак элек? Алдын алса болмок, алдын алган жоксуңар. Бул тууралуу ойлонууну сунуштайм", — деди Путин.

Жыйындан кийин саламаттык сактоо министри журналисттерге өкмөттүн бардык мүчөсү эмдөөдөн өтөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0