Башар Асад: Сириядагы апаат үчүнчү дүйнөлүк согуштун мини модели болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСирия президенти Башар Асад. Архив
Сирия президенти Башар Асад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирия президенти туура бир жарым жылдан кийин маек курду. Өз сөзүндө ал өлкөнүн учурдагы абалы, 2021-жылы боло турган шайлоо, аль-Багдадинин өлүмү, АКШнын саясаты тууралуу кенен айтып берген.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Сириядагы апаат кыйыр жүргөн үчүнчү дүйнөлүк согуштун мини модели болуп калды. Бул тууралуу өлкө башчысы Башар Асад RT телеканалына курган маегинде айтты.

Президенттин айтымында, Сириядагы согуштун башталышынын бир себеби нефть да болушу мүмкүн.

"АКШ дүйнө жүзү менен согуш жүргүзүп жатканын унутпаңыздар. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, өзгөчө Советтер Союзу тараган соң, түзүлүп калган тартип-эрежелер эскирип бүттү. Россия, Кытай, Индия жана ушул сыяктуу өлкөлөрдүн күнү тууп жатат", — деди ал.

Асаддын айтымында, АКШ дүйнө лидерлиги жаатында эч кимди, керек болсо Улуу Британия, Франция сыяктуу мамлекеттерди да өнөктөш катары таануудан баш тартып келет.

"АКШ өнөктөш дегенди билбейт, ошон үчүн күрөш жүргүзүп келет. Сириядагы апаат — кыйыр түрдө жүргөн үчүнчү дүйнөлүк согуштун кичинекей модели", — деди президент.

Атомдук курал

Башар Асад Сирия армиясы эч качан атомдук курал колдонбогонун, бул боюнча айтылган бардык маалыматтар, айыптоолор чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Рабочая встреча президента РФ В. Путина с президентом Сирии Б. Асадом - Sputnik Кыргызстан
Батышка багынбаган Башар Асад. Президент тууралуу 10 факты
"2013-жылы 21-августта Дамаскиге иликтөө жүргүзүү үчүн биринчи эл аралык делегация келди. Химиялык куралыбыз болуп, аны колдонууну чечсек дагы айыптоолордо айтылгандай, дал ошол күнү пайдалана алмак эмеспиз. Бул биринчиден. Экинчиден, бизге коюлган кинеде 200дөй жай тургундун каза болгону айтылат. Эгер биз эл жыш жашаган аймакта химиялык курал колдонсок, курмандыктын саны алда канча көп болмок. Үчүнчүдөн, мунун баары Батыштын расмий адамдарынын ой-кыялы гана. Алар эч кандай далил келтире алышкан жок. Бул маалыматтарды четке каккан бир топ отчеттор жазылды. Сирия армиясы эч качан өзөктүк курал колдонгон эмес. Айтылгандардын баары куру сөз, жалган жалаа", — деди Асад.

Президент иликтөө жүргүзүү үчүн Сирияга Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм өкүлдөрүн чакырганын, бирок чечим көп учурда адилетсиз болуп чыкканын белгиледи.

Дал ушул уюмдун чыгарган тыяныгынын негизинде Улуу Британия, АКШ жана Франция Сирияны бомбалоо тууралуу чечим чыгарганы тууралуу жооп берип жатып Асад "чечим чыгаруу" — бул башка нерсе экенин, ал эми айтылганды далилдөө — таптакыр башка экенин кошумчалады.

Ак каскачандар

RT телеканалынын кабарчысы менен баарлашып жатып Башар Асад "Ак каскачандардан" чыккан "периштелердин" арасында "Аль-Каиданын" катарында жүргөндөр да бар экенине токтолду.

"Алардын жүздөрү кадимкидей таанылып турат. Арасында ойлонбостон адамдардын башын алганы да, өлтүрүлгөн жоокердин жүрөгүн жегендери да бар. Булардын баарын интернеттен табууга болот. Биз тарапта "Ак каскачандардын" пиар-акцияларына эч ким ишенбейт. Алар — "Ан-Нусранын" эле бир канаты. Бизде далилдер бар", — деди президент.

АКШнын саясаты тууралуу

Сириянын президенти АКШнын саясаты негизинен сынамык аракеттерден жана кетирген кемчиликтеринен турарын айтты.

Российские летчики на авиабазе Хмеймим в Сирии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Путин Сирияда Россиянын эки аскер базасы жайгашарын айтты
"Афганистанды басып киришти — майнап чыккан жок. Иракка киришти — мында да эч нерсе болгон жок. Анан башка мамлекеттерге баскынчылык аракеттерин баштады, бирок ыкмасын өзгөрттү. АКШ эптеп аман калуу үчүн күрөш жүргүзүп жатам деп ойлоп жатат, анткени дүйнөдөгү лидерлик позициясынан тая баштады. Ошондон улам Россия, Иран, Сирия менен, айтор "жок" деп моюн толгонгон бардык тараптар менен күрөш жүргүзүүдө. Керек болсо Батыш өлкөлөрү менен да согушууга даяр. АКШга болгону күрөшүү үчүн курал гана керек. Армиясын Иракка жөнөттү, бирок мындай аракет ишке ашкан жок, көп жоготууга учурап, бул үчүн Американын өзүндө да жазалангандар болду", — деди Асад.

Президенттин айтымында, мындан улам АКШ үчүн үчүнчү тарап зарыл.

"Аль-Каида" — Сирия, Россия жана Иран өкмөттөрү менен согуша турган үчүнчү тарап. Ошон үчүн алар ушундай ыкманы колдонушат. Буга далил да жетиштүү. 2014-жылы кайдан-жайдан эле "Ислам мамлекети" пайда боло калганы эмнеден кабар берет? Американын куралы менен куралданып бир эле убакта Сирияда да, Иракта да элдин тынчын алды го. АКШ авиациясынын көзөмөлү менен Түркияга миллиондогон баррель нефтини кантип алып киришти? Америкалыктар аларды сирия армиясына каршы пайдалангысы келген. Бул биздин эмес, америкалыктардын өздөрүнүн сөзү", — деди Асад.

Аль-Багдадинин өлүмү

Президент "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлүмү тууралуу да пикирин айтты. Асад аль-Багдадинин америкалыктар өз түрмөсүндө кармап жатып, абактан да өздөрү бошотконун эске салды.

Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Сирияга эмнеге кол салганын айтты... 100 ракета, 6 жай жаран
"Эгер аль-Багдадиге кандайдыр бир милдет, тапшырма коюлбаса, ал түрмөдөн чыгарылмак эмес. Кокусунан эле дүйнөдөгү бардык мусулмандардын өзүн-өзү жарыялаган халифи болуп жатып калды. Бул ролго ал америкалыктар тарабынан даярдалган. Биз анын жок кылынгандыгы боюнча маалыматка ишенбейбиз. Балким өлтүрүлгөнү чын чыгар, бирок айтылган себеби жалган. Мунун баарын АКШ террорчулар менен, өзгөчө "Аль-Каида", "Ислам мамлекети" жана "Ан-Нусра" менен он жылдап созулган байланышын "жокко чыгаруу" үчүн жасады. Туткундалган Саддам Хусейнди жалпыга көрсөтүшкөнүн эстейли. Аны өлтүрүп жатканда да асып жатканын көрсөтүшкөн. Балдарын өлтүргөндөн кийин алардын сөөгүн көрсөтүштү. Каддафини да ушундай эле кылышты. А эмнеге бен Ладендин, аль-Багдадинин сөөгүн көрсөтүшпөйт? Демек терроризм менен күрөшүп жатабыз дегени жөн гана фейк. Балким аль-Багдадини жөн гана кереги жок болуп калганынан же башка бирөө керек болгонунан улам жок кылып коюшкандыр",  — деди Асад.

Сирияны калыбына келтирүү

Сирияны калыбына келтирүү иштери жакын арада бүтпөйт. Ушу тапта бизге карата жарыяланган эмбарго күчүндө. Акыркы эки жылдын ичинде америкалыктар Сирияга инвестиция салчуларды киргизбөө үчүн болгон аракетин жумшады. Өлкө президенти Башар Асад өз маегинде мамлекетти калыбына келтирүү иштери тууралуу да айтты.

"Азыр инвесторлор Сирияга акча салуудан кооптонуп турушат. Бирок бул анча олуттуу маселе эмес. Өлкөнү калыбына келтирүү үчүн адам ресурсу жетишерлик, кошумча күчтүн кереги жок. Бул иштерди акырындап, этап-этабы менен жасаса болот, мындан улам мен бул эмбаргодон коркпос элем. Ал эми Россия, Кытай жана Иран сыяктуу тилектеш мамлекеттер калыбына келтирүү процессинин активдүү катышуучулары болот", — деди президент.

Шайлоо-2021

Президенттин айтымында, Сирияда 2021-жылы жалпы шайлоо сөзсүз түрдө өтөт. Асад өткөн шайлоодо үч талапкер ат салышканын эске салып, бу жолкусунда каалаган кишинин баары күчүн сынап көрсө болорун белгиледи.

Маекти толугу менен бул жактан окусаңыз болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0