Эми Instagram баракчасындагы "лайктар" көрүнбөйт. Себеби

© LOIC VENANCEРабота социальной сети Instagram
Работа социальной сети Instagram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай өзгөртүүлөр колдонуучулар арасындагы "социалдык салыштырууну" азайтып, атаандаштыкка чекит коёт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Facebook компаниясына таандык Instagram социалдык баракчасы билдирүүлөрдүн алдындагы "лайк" баскычын алып таштайт. Алгач бул сынамык иретинде АКШда башталарын Wired басылмасы жазды. 

Социалдык тармактын башкы директору Адам Моссеттин айтымында, өзгөртүүлөр акырындык менен кирет.

"Баракчанын ээси жүктөгөн билдирүүлөрү канча "лайк" топтогонун көрө алат. Бирок башкалардын сүрөттөрүнө, видеолоруна канча "лайк" басылганын биле албайт", — деп айтылат маалыматта.

Моссет мындай өзгөртүүлөр колдонуучулар арасындагы "социалдык салыштырууну" азайтып, атаандаштыкка чекит коёт деген пикирде.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0