Дарыгерлер ракты алдын алуунун жөнөкөй жолдорун атады

© AP Photo / Charlie RiedelЧуркоо. Архив
Чуркоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашыкча салмак эмчек, ичеги-карын, боор рагынын пайда болуусун шарттайт. Ошондуктан дарыгерлер аны алдын алуу үчүн дене тарбия менен алектенүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ракты изилдөөнүн бүткүл дүйнөлүк фондунун адистери аталган оорунун өрчүп кетпөөсүнүн жөнөкөй жолдорун айтты. Бул тууралуу "Известия" жазып чыкты.

Илимпоздордун айтымында, ашыкча салмак эмчек, ичеги-карын, боор рагынын пайда болуусун шарттайт. Ошондуктан дарыгерлер аны алдын алуу үчүн дене тарбия менен алектенүүнү сунуштайт.

"Күн сайын жок дегенде жарым саат басып же көнүгүү жасоо кажет", — дейт окумуштуулар.

Ошондой эле тузду көп колдонуудан баш тартуу керек, биологиялык активдүү кошулмаларды аз пайдаланып, суткасына 400 граммдан кем эмес жашылча, мөмө-жемиштерди жеп туруу сунушталат.

Мындан сырткары, эт, өтө калориялуу азыктарды, спирт ичимдиктерин чектөө зарыл.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0