Жарым жылдык өмүрү калганын уккан жигит 273 килограммга арыктады. Сүрөт

© AFP / MANAN VATSYAYANAМашыгып жаткан адам. Архив
Машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жаштагы жигиттин баштапкы салмагы 363 килограммга чейин жетчү. Дарыгерлер ага жарым жылдык өмүрү калганын айткан.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. АКШнын Вирджиния штатынын Бристоль шаарынын тургуну Мэттью Хаузер 273 килограммга арыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от redsealh (@redsealh)

25 жаштагы жигит ашыкча салмак менен жабыркап келген. Анын салмагы 363 килограммга чейин жетчү. Хаузер соңку ирет ооруканага түшкөндө дарыгерлер анын жарым жылдык өмүрү калганын айткан. Ошондон кийин ал саламаттыгына кам көрүүгө киришкен. Натыйжада үч жылдын ичинде 273 килограммга арыктаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от redsealh (@redsealh)

Ал мындай көрсөткүчкө өлчөп тамак жеп жана күн сайын эки сааттан машыгуунун арты менен жеткенин белгилейт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от redsealh (@redsealh)

Хаузер ашыкча салмактан арылуудан сырткары, психологиялык көйгөйлөрдөн да кутулган. Спорт менен дисциплина ага депрессияны жеңүүгө жардам берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0