Тып эле басылды! Ыйлаган баласын өзгөчө ыкма менен соороткон эненин видеосу

© AFP / LOIC VENANCEРоддом в Нанте
Роддом в Нанте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британиядагы Кортни Уайт аттуу жаш келин ыйлаак баласын соороту үчүн ойлоп тапкан ыкмасы менен социалдык тармакка таанылууда.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Mirror басылмасынын жазышынча, ал жүктөгөн видео аз убакыттын ичинде алты миллион көрүүчүнү топтой алган.

Как быстро удалить молочный зуб — девочка нашла интересный способ. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кичине кыз сүт тишти жулуунун оңой жолун ойлоп тапты. Видео
Келин наристесин башты жана майда тамырларды укалаган аспап (капиллярный массажер — ред.) менен сооротконду үйрөнүп алган. Видеодон автор мындай ыкманы биринчи ирет кылып жатпаганын байкоого болот. Бала укалоочу каражатты көргөндө эле басылымыш этип, буту-колун тыбырчылатат. Аспапты башына тийгизгенде, ал жыргап күлөт.

Роликти 180 миң адам бөлүшкөн. Видеого комментарий калтыргандар мындай ыкмага суктанып, укалоочу каражат арзан жана натыйжалуу экендигин белгилешкен. Алар муну колдонуп көрөрүн да жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0