Америкалык инженер аракты таштагандан кийин укмуштуудай өзгөрдү. Сүрөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАрак ичип жаткан адам. Архив
Арак ичип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ичимдикти студент кезинен тарта иче баштаган. Алгач жөн гана эс алып, көңүл ачуу үчүн колдонсо, кийин баш-оту менен кирип, араксыз тура албай калган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. АКШлык Кенни Ди аттуу инженер ичимдиктен толугу менен баш тарткандан кийин жашоосу канчалык өзгөргөнүн көрсөттү. Бул тууралуу BoredPanda сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды.

 

© © Фото опубликовано на сайте Bored PandaИнженер из США Кенни Ди до и после полного отказа от алкоголя
Америкалык инженер аракты таштагандан кийин укмуштуудай өзгөрдү. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Инженер из США Кенни Ди до и после полного отказа от алкоголя

Инженердин сүрөттөрүн BoredPanda сайты жарыялады.

Ал ичимдикти студент кезинен тарта иче баштаган. Алгач жөн гана эс алып, көңүл ачуу үчүн колдонсо, кийин баш-оту менен кирип, араксыз тура албай калган. Жадакалса, бир күндө 20 бөтөлкөдөн ашык ичимдикти түгөтүп койгон учурлар болчу.

Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде аракечтикти токтотууну чечкен.

"Ичип жүргөндө мына азыр өлөсүң деп бирөө айтса деле баары бир болуп калган. Бир күнү күзгүнүн алдында өзүмдү карап, соо тургандагы кебетемди көргүм келди. Ошондо эмнеси болсо дагы аракты ташташым керек деп чечтим", — дейт инженер.

Кафе в Чите - Sputnik Кыргызстан
Дени сак балалуу болом деген эркек ичимдиктен кайсы убакта баш тартышы керек?
Ошол күндөн тарта ал жеген тамагынын рационуна чейин өзгөртүп, машыгуу залына бара баштаган. Атургай аракечтиктен кутулууну көздөгөн адамдардын тобуна кошулуп, алардын жыйындарына катышчу. Ал жерден Ди ичимдиксиз өткөргөн ар бир күнү үчүн бирден сары жетон алып, убакыт өткөн сайын кантип өзгөрүп жатканын байкоо үчүн өзүн сүрөткө тарта баштаган.

2-ноябрь күнү ал аракты таштаганына туптуура үч жыл болуп, азыр жашоосунда жаңы максаттар, пландар пайда боло баштаганын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0