46 жылдык тарых... Белгилүү модельер Патрик-Луи Виттон каза болду

© AFP / MIGUEL MEDINAДиректор департамента специальных заказов французского производителя роскошных сумок Louis Vuitton Патрик-Луи Виттон
Директор департамента специальных заказов французского производителя роскошных сумок Louis Vuitton Патрик-Луи Виттон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Модельер 68 жашта эле. Патрик-Луи Виттон үй-бүлөлүк бизнесте 1973-жылдан тарта иштеген. Ал аталган бренддин негиздөөчүсү Луи Виттондун чөбөрөсү болгон.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Франциялык модельер Патрик-Луи Виттондун каза болгондугу тууралуу маалымат анын мода үйүнүн Instagram баракчасына жазылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Louis Vuitton Official (@louisvuitton)

Модельер аталган бренддин негиздөөчүсү Луи Виттондун чөбөрөсү болгон. Маалыматта анын компанияда 1973-жылдан бери иштеп келе жатканы айтылган. Модельердин Пьер-Луи жана Бенуа-Луи аттуу эки уулу, андан сырткары неберелери бар экени жазылган.

Анын эмнеден каза тапканы айтылган эмес. Патрик-Луи Виттон 68 жашка чыккан. Ал эми бренд 1854-жылдан бери элге таанымал. Негизинен люкс классындагы кийимдерди, аксессуарларды жана атырларды чыгарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0