Жүк ташуучу унаадан табылган 15 киши. Британияда айдоочу кармалды

© REUTERS / Eddie KeoghУлуу Британиянын полиция кызматкерлери. Архив
Улуу Британиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишилер унаанын арт жагында болушкан. Медициналык кароодон кийин бирөө ооруканага жаткырылып, калгандары камакка алынды.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Британиядагы Уилтшир графтыгынын полициясы жүк ташуучу унаага 15 кишини салып бара жаткан айдоочуну кармады. Ал жүргүнчүлөргө өлкөдөн мыйзамсыз чыгууга жардам берүүгө шектелип жаткандыгын "Известия" жазды.

Мыйзамды бузгандар тууралуу маалымат 6-ноябрь күнү түшкөн. Мигранттар унаанын арт жагында болушкан. Медициналык кароодон кийин бирөө ооруканага жаткырылып, калгандары камакка алынган.

Сотрудники полиции у фуры, в которой нашли тела 39 человек, Эссекс, Великобритания. 23 октября 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Дем жетпей өлүп баратам... 39 кишинин сөөгү табылган фуранын жаңы жагдайлары
Кармалган 50 жаштагы киши сурак берүү үчүн Суиндон шаарынын полиция бөлүмүнө алып келинген.

Ушул сыяктуу окуя 23-октябрда Англиянын Эссекс графтыгында да болгон. Анда 39 кишинин сөөгү жаткан жүк ташуучу автоунаа Грейс шаарындагы өнөр жай зонасынан табылган. ЖМКлардын жазышынча, жүк ташуучу автоунаанын муздаткыч бөлүмүнө салынган кишилердин бардыгы тоңуп калган. Транспорт 19-октябрда Британияга Бельгиядан келген.

Кийин кылмыш ишине шектүү катары эки киши кармалган. Дагы үч киши бул ишке катыштыгы бар болушу мүмкүн деп колго түшкөн. Бирок күрөө кепилдиги менен ноябрдын ортосуна чейин бошотулушкан болчу. Ал эми маркумдардын бардыгы Вьетнамдын тургундары экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0