16:28 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Улуу Британиянын полиция кызматкерлери. Архив

Жүк ташуучу унаадан табылган 15 киши. Британияда айдоочу кармалды

© REUTERS / Eddie Keogh
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
341 0 0

Кишилер унаанын арт жагында болушкан. Медициналык кароодон кийин бирөө ооруканага жаткырылып, калгандары камакка алынды.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Британиядагы Уилтшир графтыгынын полициясы жүк ташуучу унаага 15 кишини салып бара жаткан айдоочуну кармады. Ал жүргүнчүлөргө өлкөдөн мыйзамсыз чыгууга жардам берүүгө шектелип жаткандыгын "Известия" жазды.

Мыйзамды бузгандар тууралуу маалымат 6-ноябрь күнү түшкөн. Мигранттар унаанын арт жагында болушкан. Медициналык кароодон кийин бирөө ооруканага жаткырылып, калгандары камакка алынган.

Кармалган 50 жаштагы киши сурак берүү үчүн Суиндон шаарынын полиция бөлүмүнө алып келинген.

Ушул сыяктуу окуя 23-октябрда Англиянын Эссекс графтыгында да болгон. Анда 39 кишинин сөөгү жаткан жүк ташуучу автоунаа Грейс шаарындагы өнөр жай зонасынан табылган. ЖМКлардын жазышынча, жүк ташуучу автоунаанын муздаткыч бөлүмүнө салынган кишилердин бардыгы тоңуп калган. Транспорт 19-октябрда Британияга Бельгиядан келген.

Кийин кылмыш ишине шектүү катары эки киши кармалган. Дагы үч киши бул ишке катыштыгы бар болушу мүмкүн деп колго түшкөн. Бирок күрөө кепилдиги менен ноябрдын ортосуна чейин бошотулушкан болчу. Ал эми маркумдардын бардыгы Вьетнамдын тургундары экени аныкталган.

Тема боюнча

Фурадагы 39 кишинин сөөгү: маркумдар кытай жараны эмес, башка болуп чыкты
Белгилер:
полиция, жүк, унаа, Улуу Британия

ЭҢ МААНИЛҮҮ