Ажыдаар болом деп... Көзүнө тату жасаткан кыз көрбөй калды. Сүрөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТатуировка жасатып жаткан кыз. Архив
Татуировка жасатып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүн "Көгүлтүр көздүү ак ажыдаар" деп атаган Люк татуировканын жардамы менен көзүнүн ичине көгүлтүр өң бермекчи болгон. 24 жаштагы кыздын айтымында, мастер анын көзүнө боекту тереңирээк киргизип, жабыркатып алган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Австралиянын жаңы түштүк Уэльс штатынын тургуну көзүнө татуировка жасатып, үч жума көрбөй калды. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Blue Eyes White Dragon 🥀 (@amber__luke)

Эмбер Люк аттуу кыз денесинин көп жерин өзгөртүүнү чечкен. Алгач тилин ачакей кылып кестирип, кулактарынын тешиктерин чоңойтуп, ага 26 миң доллар төлөгөн. Жалпысынан денесине 200 тату тарттырып, төшүн чоңойтуп, ошондой эле жаак, ооз, кулактарынын формасын өзгөрткөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Blue Eyes White Dragon 🥀 (@amber__luke)

Өзүн "Көгүлтүр көздүү ак ажыдаар" деп атаган Люк татуировканын жардамы менен көзүнүн ичине көгүлтүр өң бермекчи болгон. 24 жаштагы кыздын айтымында, мастер анын көзүнө боекту тереңирээк киргизип, жабыркатып алган.

Дарыгерлер кыздын көрүүсү убакыт өтүп калыбына келерин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0