Окумуштуулар боюна бүтпөй жаткан аялга жардам берчү ыкманы аныкташты

CC0 / Pixabay / silviaritaБеременность женщины
Беременность женщины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, балалуу болууну пландаган түгөйлөр төшөк оюндарын узагыраак созуп, аялдын ырахат алышына өзгөчө маани бериши керек.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Аялдардын сексуалдык ден соолугун иликтөө менен алектенген Шеффилд университети (Англия) боюна бүтпөй жаткан аялдарга даба боло турган ыкманы табуу үчүн жүргүзгөн иликтөөсүн аяктады. Анын жыйынтыгын Daily Mail басылмасы жарыялады.

Маалыматка караганда, балалуу болууну пландаган түгөйлөр төшөк оюндарын узагыраак созуп, аялдын ырахат алышына өзгөчө маани бериши керек.

"Аял ырахат ала баштаган алгачкы секунддардан тарта мээсине белги берилип, организм урукту кабыл алууга даярдана баштайт. Жыныстык органдарында кан айлануу жакшырат. Андыктан жагымдуу мүнөттөр канчалык узакка созулса, жатын ошончолук сапаттуу даярданууга жетишет. Тагыраагы, энелик жумурткалар барган урукту дароо кабыл алып, бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт", — деп айтылат макалада.

Буга чейин окумуштуулар кош бойлуулукка коркунуч туудурган жагдай тууралуу айтып беришкен. Аны билип алуу үчүн Sputnik агенттигинин макаласын окуп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0