"Киркоровго кол салуу": тергөө Пугачева менен Галкинди суракка алуудан баш тартты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПевица Алла Пугачёва и телеведущий Максим Галкин
Певица Алла Пугачёва и телеведущий Максим Галкин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокат Исрафил Гададов эстраданын үч жылдызын тең күбө катары суракка алуу керектигин эки ирет сунуштаган. Бирок тергөө баш тартып койгон.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Тергөө 2017-жылдын июль айында Филипп Киркоровдун концертине теракт даярдалган деген иш боюнча Алла Пугачева менен Максим Галкинди суракка алуудан баш тартты. Бул тууралуу "Коммерсант" жазды.

Фигуранттардын бири чынында теракт эмес, Киркоровду өлтүрүү аракети болгонун айтып, буйрукту Максим Галкин бергенин билдирген. Мындан улам чоң резонанс жаралган. Тергөө айыптап жаткан кишиге ишенбей, шоуменди керек болсо күбө катары дагы суракка алган эмес.

Директор ГП Кыргыз Комур Канатбек Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызкөмүр" ишканасынын директорун түндө сабап кетишти. Сүрөт
Иштин фигуранттары — Дагестандын төрт жашоочусуна Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин сегиз беренеси боюнча айып тагылууда. Тергөөнүн версиясына караганда, алар террордук ячейка түзүшкөн. Ошондой эле 2017-жылдын май айында Филипп Киркоровдун 6-июлга белгиленген концертине теракт уюштурууну пландашкан.

Алардын беш бомба даярдашканы болжолдонууда. Май айында эки бомба текшерүү максатында жардырылып, топтун мүчөлөрү жасалган каражаттар ишке жарай турганына көздөрү жеткен.

"Анткен менен алар пландаганын ишке ашыра албай калышкан. Себеби иш-чара башталганга чейин полиция кызматкерлеринен өтүп бомбаны концерт өтө турган жерге кое албай калышкан", — деп айтылат иштин материалында.

Айыпталуучулардын бири Хидирнеби Казуев теракт эмес, ырчы Филипп Киркоровду өлтүрүүгө аракет жасашканын билдирген. Ал мындай буйрукту Пугачеваны Киркоровдон кызганган Максим Галкин бергенин айткан.

Россия сахнасынын примадоннасы Алла Пугачева жолдошу алып баруучу Максим Галкин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алла Пугачева үй-бүлөсү тууралуу. Максим экөөбүздүн бөлмөбүз эки башка
Айыпталуучу шоумен ага аванс катары миллион рубль жана телефон менен сим-карта бергенин билдирген. Бирок Казуев кийин "көп адам жабыркап калчудай" деген ойдо пландан баш тартып койгон.

Адвокат Исрафил Гададов эстраданын үч жылдызын тең күбө катары суракка алуу керектигин эки ирет сунуштаган. Бирок тергөө баш тартып койгон. Гададовдун айтымында, иш бир нече күн мурда сотко жиберилди. Алдын ала угууда жактоочулар кайрадан жылдыздарды суракка алуу маселесин көтөрүүнү пландап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0