Окумуштуулар: ит баккандар көп жашайт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЗанятия канистерапией в Москве
Занятия канистерапией в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер-кардиолог Друв Кази үй жаныбарлары адамдагы тынчсыздануу жана жалгыздык сезимдеринен арылууга жардам берерин белгилейт.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар ит баккан кишилер узак жашай турганын билдиришти. Бул тууралуу Circulation: Cardiovascular Quality and Outcomes журналы жазды.

Адистердин изилдөөсүнө таяна турган болсок, ити бар кишилердин эрте өлүп калуу коркунучу 24 пайызга төмөн. Окумуштуулар мындай жыйынтыкка он жыл ичинде 3,8 миллион кишиге жүргүзүлгөн 10 эксперименттин жыйынтыгынан кийин келишкен.

Бир жума бою суу жээгинде ээсин күткөн күчүк. Зээн кейиткен видео - Sputnik Кыргызстан
Бир жума бою суу жээгинде ээсин күткөн ит. Зээн кейиткен видео
Үйгө ит багуу өзгөчө жүрөк-кан тамыр дартынан жапа чеккендер үчүн абдан пайдалуу. Мындай оору менен жабыркагандардын жүрөгү кармап калуу ыктымалдуулугу 31 пайызга азайган.

Дарыгер-кардиолог Друв Кази үй жаныбарлары адамдагы тынчсыздануу жана жалгыздык сезимдеринен арылууга жардам берерин белгилейт. Андан сырткары, ээсинин маанайын көтөрөт. Ошону менен катар итти такай сейилдетип туруу керек болгондуктан ээсинин көп кыймылдашына шарт түзөт.

Окумуштуулардын айтымында, итти сылоо кан басымды түшүрүүгө жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0