Трамп Россия менен мамилени "өтө жакшы" деп сыпаттады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамп жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
чейин Америкадагы жалпыга маалымдоо каражаттары Трамптын "Россия менен ынтымакта болуудан" башка шайлоо алдында берген убадаларынын баарын аткаргандыгын жазган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен мамилесин "өтө жакшы" деп сыпаттады. Бул туурасында ал Ак үйдө журналисттердин суроосуна жооп берип жатканда айткандыгын РИА Новости билдирди.

Америкалык лидер Украина жана Кытай менен мамилеси да "эң жакшы" экендигин жар салган.

"Эл менин (башка өлкөлөр менен) жакшы  тил табыша турганымды түшүнбөйт", — деген Трамп.

Саясатчы Украинага болгон колдоосу да "мыкты" экендигин айтты.

Президент Украины Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан
Трамптын Путин тууралуу сөзүнөн кийин Зеленскийдин өңү өзгөрүп... Видео
Буга чейин Америкадагы жалпыга маалымдоо каражаттары Трамптын "Россия менен ынтымакта болуудан" башка шайлоо алдында берген убадаларынын баарын аткаргандыгын жазган. Алар президентти ушул жаатта иш алып барууга чакырган.

Өткөн аптада АКШдагы ЖМКлар Трамптын администрациясынын азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин айткандарына таянып, анын Киев бийлигине көзү түз эместигин жазган.

Президент аларды демократтар менен кызматташат, бул 2016-жылдагы шайлоо алдындагы компанияга терс таасир берүү үчүн жасалган деп шек санаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0